Видеофильм: «Жайлоодогу балдар бакчасы»

March 26, 2015, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду иш жүзүндө Кыргызстандын бардык жети облусунун бийик тоолуу райондорунда чабандардын балдары үчүн жайкы жайыттарда балдар бакчаларын киргизүү боюнча долбоорду турмушка ашырып жатат.

 

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда наристелердин 15 %га жакыны мектепке чейинки мекемелерге барбайт, «шаар-айыл» өңүтүндө айырма андан да көбүрөөк байкалып турат. Эгерде шаарларда балдардын 33%ы мектепке чейинки мекемелерге барса, айылдарда наристелердин 11 %ы гана балдар бакчасы эмне экенин билет.

 

Шаарларда демейки балдар бакчаларынан тышкары, өнүктүрүүнүн жана чыгармачылыктын көп сандаган балдар борборлору бар, алар мыкты альтернатива болуп саналат. Мындай мекемелер айыл жеринде жок. Бул өксүктүн ордун толтуруу үчүн алыскы тоолуу региондордо «Жайлоодогу балдар бакчасы» долбоору ийгиликтүү турмушка ашырылып жатат.

 

Долбоор жөнүндө чакан видеофильмди кыргыз тилинде сунуш кылабыз, анын англис тилиндеги субтитрлери бар: