Бугун Ош шаарында «Үч жаштан кийин кеч« китебинин презентациясы өтөт

March 25, 2015, 06:00

2015-жылдын 27-мартында Ош шаарында Сони корпорациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, “Кенже курактагы балдарды өнүктүрүү” ассоцациясынын негиздөөчүсү Масару Ибуканын дүйнөгө кеңири таанымал “Үч жаштан кийин кеч” аттуу китебинин кыргыз тилинде чыгарылышынын презентациясы болот.


Масару Ибука кенже курактагы балдар менен алгачкы күндөн баштап жакындан алектенүү зарыл экендигин белгилейт. Балдардын толук кандуу өнүгүшүндө, бактылуу жана ийгиликтүү болушунда ата-эненин жана курчап турган чөйрөнүн чечүүчү мааниге ээ экендигине басым жасайт. Балдар төрөлгөн күндөн баштап, үйрөнүүгө, өнүгүүгө абдан ынтызар экендигин турмуштук мисалдардын негизинде айтып берет.


Китеп,Кыргыз Республикасынын Экс-призиденти Роза Отунбаеванын демилгеси менен Мусару Ибуканын небересинен улуксат алынган жана “Жайлоо бала бакчалары” долбоорунун координаторуАсылбек Жоодонбеков тарабынан которулуп, аталган фонд тарабынан чыгарылган.


Бул китеп 2-3 мартта өткөн "Кыргызстан Аялдарынын Улуттук форумунда" 1200 аялзатына бекер таратылган. Иш-чарага Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, Ош шаарынын жана Кара-Суу районунун бала бакчаларынын жетекчилери жана педагогдор катышат. Презентацияны Ош шаарынын М.Горький атындагы орто мектебинде саат 15:00 "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаева өткөрөт.


Презентациядан кийин Ош шаардык жана Кара-Суу райондук бала бакчаларга “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан “үч жаштан кийин кеч” китеби белекке берилет.


Кошумча маалымат алуу үчүн 0312 66 03 68 , 0555 33 21 74

office@roza.kg

Телефондоруна кайрылсаңыздар болот Айтбек кызы Саадат