КР Экс-президенти Р.И. Отунбаева ЮНИСЕФтин жана Мадрид клубунун биргелешкен конференциясында негизги доклад менен сөз сүйлөдү

March 18, 2015, 06:00

16-17-мартта Р.И. Отунбаева Брюсселде ЮНИСЕФтин жана Мадрид клубунун биргелешкен конференциясында «Тынчтыкты орнотуудагы жаңы парадигмалар: балдарга социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуу жана коомду бардыгы үчүн бирдиктүү, жалпы катары түшүнүү аркылуу туруктуу тынчтыкка жетишүү» деген негизги доклад менен сөз сүйлөдү. Жаңжалдар болуп өткөн коомдоштуктарда балдарды тынчтыкты сүйүү, зомбулук кылбоо, дүйнөгө ачыктык духунда тарбиялоо зарылчылыгы курч турат. Мында билим берүү өзөктүү роль ойнойт. Донор өлкөлөр, ЕвроСоюз, Бириккен Улуттар Уюмунун системасындагы уюмдар жаңжалдардагы согуш операцияларына караганда, тынчтыкка тарбиялоого жардамдын көлөмүн жыл өткөн сайын көбөйтүп, жаңжалдардын алдын алууга, чатакташып жаткан тараптар бири-бирин жакшы түшүнүшүнө, адамдардагы чыр-чатактуу потенциалды азайтууга басым жасоодо. БУУнун Тынчтыкты орнотуу фонду Кыргызстанда бул багытта иштердин кеңири спектрин ресурстар менен камсыз кылат.