КР Экс-президенти Р.И. Отунбаева Глобалдык Билим берүү форумуна катышты

March 18, 2015, 06:00

КР Экс-президенти Р.И. Отунбаева Дубайда 15-16 мартта өткөн Глобалдык Билим берүү форумуна катышты. Бул эсеби боюнча үчүнчү Форум, ал 50 өлкөдөн 1000ден ашык делегатты: өкмөттүн, бизнестин өкүлдөрүн, илимпоздорду, мугалимдерди, социалдык ишкерлерди чогултту, алардын көңүлүнүн борборунда сапаттуу билим берүүнү жана бардыгынын иш менен камсыз болушун камсыздаган изилдөөлөр, моделдер жана өбөлгөлөр болду.

 

2015-жылдагы Форумдун өзгөчөлүгү планетанын мыкты мугалимине Варке Фондунун атынан 1 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү ар жылдагы биринчи эл аралык сыйлыкты ыйгаруу болуп калды. 10 финалисттин ичинен тандалган АКШнын адабият мугалими Нэнси Атуэлл өз окуучуларына жана алардын чөйрөсүнө өчпөс таасир эткен жаңычыл, таң каларлык мугалим болуп чыкты.