Бардык каалагандарды «Кыргызстандын келечегине салым» мекендештер кыймылынын алкагында кызматташууга чакырабыз

March 10, 2015, 06:00

 

«Мекендештер» форуму

- бул биздин Фонддун демилгелеринин бири;

- бул бүткүл дүйнө жүзүндөгү кыргызстандыктарды бириктирүү жана Кыргыз Республикасында адамдык капиталды башкаруу платформасы;

- бул байланыштарды жана Кыргызстандын өсүү, гүлдөп-өнүгүү процесстерине мекендештер кошкон же кошо ала турган маанилүү салымды издөө.


Кыргызстандан кеткендердин жана кайра кайтып келгендердин бардыгын өзү жана өз үй-бүлөсү үчүн турмуш шарттарын жакшыртууга жалпы адамдык умтулуу, өзүн өркүндөтүү жагынан тынымсыз эмгектенүү бириктирип турат. Кыргызстанда алдыңкы билимдерге жана технологияларга курч муктаждык бар. Дал мекендештер алдыңкы билимдердин жана технологиялардын булагы боло алат. Чет өлкөлөрдөгү мекендештер ассоциацияларга бириккен, алар азыр биздин мигранттардын көпчүлүгү барган өлкөлөрдө аз эмес. Биздин Фонд мекендештердин диаспоралары, ассоциациялары менен кызматташтыкты түзүп жатат. Биринчи «Мекендештер-2012» форуму Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кызматташтыкта өткөрүлдү, ал эми ага дүйнөнүн 20дан ашык ар кандай өлкөлөрүнөн мекендештер барды, анда экономика жана бизнес, транспорт, коммуникация, саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, туризм, чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарга карата мамлекеттик саясат темалары талкууланды.

 

«Мекендештер Форуму» долбоору мекендештерибиз өз мекенинде, өзгөчө Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча иште өз максаттарын турмушка ашыруусу үчүн шарттарды түзөт. Долбоор өз алдына четте калуудан арылуу, байланыштарды түзүү, өлкөбүздү чыңдоо жана өнүктүрүү боюнча биргелешкен ишке багыт алуу боюнча милдеттерди коюп жатат. Өзүнүн чоң жана кичи мекенинде болбогон мезгилдин ичинде мекендештерибиз ээ болгон билимдер жана жөндөмдөр, компетенциялар бүгүнкү күндө турмуштун бардык чөйрөлөрүндө, анын ичинде бизнесте, мамлекеттик кызматта, шаарларды, айылдарды, инфраструктураны өнүктүрүүдө, айыл чарбасында, билим берүүдө, саламаттык сактоодо жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын башка чөйрөлөрүндө жана секторлорунда талап кылынууга тийиш. 

 

Бүгүн биз "Мекендештер"форумунун алкагында:

 

Кыргызстандык диаспораларды жана Кыргызстандан чет өлкөгө барган инсандардын ийгилигин картирлөөнү ЖҮРГҮЗӨБҮЗ;


Кыргызстандык диаспораларды Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча долбоорлорго тартуу үчүн виртуалдуу платформаны ТҮЗӨБҮЗ;


Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө өзүнүн жеке жана уюштуруу салымын кошуу боюнча диаспоралардын мүчөлөрүнүн муктаждыктарынын адаттагыдан башкача жана жөнөкөй чечилишин ИЗДЕЙБИЗ.

 

Бизде Кыргызстанда Россия Федерациясындагы жана башка өлкөлөрдөгү мигранттар өз айылдарына, шаарларына социалдык-турмуш-тиричилик объекттерин оңдоого, жолдорду курууга, стипендия берүүгө, дарыланууга акча берүүгө, жаратылыш апааттарынан келтирилген зыяндын ордун толтурууга жардам берген мыкты мисалдар бар. Бул мисалдар тууралуу биздин Фонд чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар менен жергиликтүү кызматташтыктын мыкты практикалары жөнүндө жыйнак китеп чыгарууга ниеттенип жатат. 

 

СИЛЕРДИ КЫЗМАТТАШУУГА ЧАКЫРАБЫЗ, бул үчүн биздин Фонд силерди төмөнкүдөй алгоритм боюнча волонтердук кызмат көрсөтүп, «Кыргызстандын келечегине салым» мекендештер тармагынын жана кыймылынын бир бөлүгү болуп калууну өтүнөт;

 

Өз айылыңдан/ шаарыңдан чет өлкөдө жүргөн мекендештерди табуу

 

Чет өлкөдөгү мекендештердин фамилиясын, ысмын, байланышуу жолдорун «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондуна берүү

 

Жергиликтүү өнүктүрүүгө мекендештердин салымынын практикалык тажрыйбасы жөнүндө ийгиликтүү окуяларды баяндоо, сүрөткө тартуу

 

Алынган маалыматты: Бишкек шаары, Чүй проспекти 106, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду дарегине же mekendeshter@roza.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек, бардык маселелер боюнча долбоордун координатору Банур Абдиевага кайрылуу керек Skype: banur.abdieva+996 312 660382, +996 555 203949, +996 772 203949,+ 996 701 010149

 

Мыкты окуялар биздин Фонд 2015-жылдын экинчи жарым жылдыгында чыгара турган ийгиликтүү окуялардын жыйнак китебине кирет, ал эми эң жакшы практикаларды чогултуу боюнча эң мыкты активисттер «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан сыйланат.

 

Алдын ала ыраазычылык билдиребиз!

www.roza.kg

www.mekendeshter.org