«Директорий» курсунун тренингинин биринчи күнүндө каралган маселелердин чөйрөсү

March 12, 2015, 06:00

Бүгүн «Директорий» курсунун алкагында жеке балдар борборлорунун жана балдар бакчаларынын жетекчилери үчүн үчүнчү тренинг башталды. Эки күндүк семинар-тренингдин темасы «Персонал. Жүйөлөштүрүү. Эмгек акы».

 

Кесипкөйлөрдүн жогорку натыйжалуу командасын кантип түзүү керек? Персоналдын ишин баалоонун критерийи болуп эмне саналат? Персоналдын ишинин мониторингин жана ага баа берүүнү кантип уюштуруу керек? Педагогдор эмне үчүн иштен кетип жатат? Пикир сурамжылоонун статистикасы көрсөтүп тургандай, иштен кетүүнүн жана иштеген жерин алмаштыруунун негизги себеби болуп эмгек акынын деңгээли эмес, дал жетекчиликке нааразычылык саналат. Кызматкерлердин нааразылыгынын башка негизги себеби деп өсүү келечектеринин жана бүтүндөй алганда уюм жана өз-өзүнчө алганда ар бир кызматкер үчүн тек белгиленген максаттардын жоктугу айтылып жүрөт.

 

Жетекчи кырдаалды кызматкерлердин көз карашы менен карай билүүгө жана кырдаалды чечүүнүн бир нече вариантын сунуш кыла билүүгө тийиш. Келип чыккан көйгөйдү оң жагынан кароо керек. Тренингде персонал менен иштөөдө балдар бакчаларынын жетекчилери дуушарланган көйгөйлөр каралды жана аларды чечүүнүн варианттары иштелип чыкты.

 

Бишкектин жеке балдар бакчаларынын директорлорунун тренингинин жүрүшүндө алынган маалымат туура пайдаланган учурда катышкан балдар бакчаларынын өнүгүшүнө, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга дем берет.

 

Курстун жетекчи – угуучулары өз аракеттерин талдоого, ага сын көз менен кароого, түзүлгөн кыйчалыштан чыгуу жолдорун таба билүүгө, өнүктүрүү пландарын түзүүгө үйрөнөт.