Эко-клубдар, студенттик жана жаштар уюмдары менен жолугушуу

March 11, 2015, 06:00

11-мартта «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун Бишкектин жаштар жана экологиялык клубдары менен жолугушуусу өттү, ага Бишкек шаарынын Мэриясынын аппаратынын жетекчиси, шаардык чарба жана жашоо-тиричиликти камсыз кылуу бөлүмүнүн өкүлү, ошондой эле "Тазалык" жана "Зеленстрой" муниципалдык ишканаларынын директорлору катышты.


Бул жолугушууда «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду демилгелеген жана ар кандай өнөктөр менен бирдикте турмушка ашырылып жаткан эко-долбоордун презентациясы, «Манас» Кыргыз-Түрк университетинин активист студенттеринен презентация жана видео-роликтер сунуш кылынды, алар 2013-жылдын 6-апрелинде өткөрүлгөн «Аткарабыз» масштабдуу эко-акциясы жөнүндө айтып берди.


Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча 28-мартта «ТазаБИШ» (таза Бишкек) эко-акциясын баштоо – ыктыярдуу экологиялык десантты түзүү жана Бишкекте булганган жерлерди тазалоону уюштуруу чечими кабыл алынды.


Жолугушууга бардыгы болуп Бишкектеги 7 ЖОЖдун жана институттардын, коомдук жана жаштар кыймылдарынын өкүлдөрү катышты.