Эко-долбоорду презентациялоонун алкагында Бишкектин экологиялык уюмдарынын жолугушуусу өттү

February 2, 2015, 06:00

2015-жылдын 23-январында «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» деген эко-долбоорду презентациялоо өттү, аны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду демилгелеген. Эко-долбоордун максаты сергек жашоо ыңгайы жана туруктуу өнүктүрүү үчүн жагымдуу айлана-чөйрөнү түзүү максатында четте туруп алып байкоо жүргүзүүчүнүн позициясынан экологиялык акциялардын жана иш-чаралардын жигердүү катышуучусунун позициясына өтүү аркылуу жарандык жоопкерчиликти жана балдар менен жаштарда, ошондой эле Бишкек шаарынын тургундарында экологиялык маданият деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

 

Экологиялык уюмдар презентациянын катышуучусу болуп калды. Презентациянын жүрүшүндө долбоордун координатору 2015-2016-жылдарга долбоордун пландарын катышуучулар менен бөлүштү. Актуалдуу экологиялык көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору, ошондой эле биргелешип иштөө зарылчылыгы боюнча пикир алмашуу болду. Мындан тышкары, Эко-долбоордун иш-чараларында, экологияга арнала турган 2015-жылдагы Билим берүү фестивалында (24-25-апрель) эко-уюмдардын өз ара аракеттенүү механизмдери талкууланмакчы. Ошондой эле эко-уюмдардын өкүлдөрү мектеп жанындагы участокторду жана Бишкек шаарын туура жашылдандыруу маселелерин көтөрдү, алар февралда мугалимдер үчүн Лекторийдин экинчи лекциясында чагылдырылат.

 

Жолугушуу экология чөйрөсүндө, анын ичинде суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана курчап турган чөйрөгө аяр мамиле кылуу жагынан жергиликтүү калктын, атап айтканда, балдардын жана жаштардын, алардын ата-энелеринин жана мектептердин мугалимдеринин маалымдар болушун арттыруу зарылчылыгын, ошондой эле долбоордун бардык потенциалдуу катышуучуларынын жана өнөктөрүнүн маалымат жагынан өз ара аракеттенүүсүнүн жана күч-аракеттерин баш коштуруунун зарылчылыгы ырасталды.