Региондор боюнча ишсапардын жүрүшүндө Кыргызстан Аялдарынын Улуттук Форумуна даярдык көрүү маселеси талкууланды

January 31, 2015, 06:00

2015-жылдын 19-январынан тартып 23-январына чейин КР экс-Президенти Роза Отунбаева Талас, Жалал-Абад жана Ош облустарына барды.

 

Калк менен региондук жолугушуулардын жүрүшүндө КР Социалдык өнүгүү министрлигинин гендердик саясат бөлүмүнүн башчысы Н.Д. Бейшеева менен 1995-жылдан тартып 2014-жылга чейинки мезгилдин ичинде Пекин Аракеттер Платформасынын 12 багытын Кыргыз Республикасында турмушка ашыруунун маселелери талкууланды, 20 жылдык мезгилдин ичинде гендердик саясатты турмушка ашыруунун кырдалынын талдоосу сунуш кылынды жана социалдык, экономикалык, саясий тармактарда аялдардын укуктарын ишке ашыруунун негизги көйгөйлүү аспекттери жана сот адилеттигине аялдардын жеткиликтүүлүгүнүн маселелери белгиленди. (Презентацияны жазып алуу)

 

Форумдун координатору Султанова Римма Кыргызстан Аялдарынын Улуттук Форумунун негизги багыттарын, максаттарын жана милдеттерин презентациялады. (Презентацияны жазып алуу)

 

Жолугушуулардын катышуучулары кыз-келиндердин укуктарын алга илгерилетүү жана коргоо үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнүн жана эркектерди тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

 

Эске сала кетели, Кыргызстан Аялдарынын Улуттук Форуму 2015-жылдын 2–3-мартында Бишкек шаарында өтөт.