Жаңы конуштардагы мектептерден «Устат-2» долбооруна катышкан жогорку класстардын окуучу кыздары үчүн кезектеги тренинг өттү

January 30, 2015, 06:00

29-январда жаңы конуштардагы мектептерден «Устат-2» долбооруна катышкан жогорку класстардын окуучу кыздары үчүн лидерлик жана өз тагдыры үчүн өзүнүн жоопкерчилиги темасында кезектеги тренинг өттү. «Устат-2» менторлук долбоорунун негизги максаты инсанды ар тараптан өнүктүрүүгө, сынчыл ой жүгүртүү жөндөмдөрүн жакшыртууга, бизнес, илим жана техника чөйрөсүндөгү кыздарда өз алдынчалыкты, лидерлик сапаттарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу болуп саналат.

 

Келечектеги мансап жөнүндө жаңыдан гана ойлоно баштаган жогорку класстардын окуучу кыздары «Лидерлик» тренингинде адамдар кимди жана кантип ээрчийт, лидерлик кандай курамдардан түзүлөт деген башкаруу механизмдери менен таанышты. Лидер болууну каалаган ар бир адам лидерлик жогорку эмгек акыны жана коомдогу статусту гана эмес, ошондой эле зор жоопкерчиликти билдире тургандыгын түшүнүүгө тийиш.

 

Машыктыруучу катары оң ой жүгүртүү боюнча машыктыруучу, бизнес-леди, үч баланын жаш энеси Айжан Чыныбаева чакырылган. Айжан кыйла зор убактысын оң ой жүгүртүү маселелери боюнча студенттер жана аялдар үчүн окутуучу семинарларды өткөрүүгө жумшайт.

 

Машыктыруучу менен таанышуунун жүрүшүндө, ар бир катышуучу кыздын мисалында өзү жөнүндө презентациянын жөндөмдөрүн жакшыртуу боюнча сунуштар айтылды. Биринчи болуп өзүн тааныштыргандардын сөздөрүн түшүнүү кыйын болду, алардын үнү араң эле чыгып жатты, аларда аудитория менен байланыш болгон жок жана алар кандай максат менен келгени түшүнүксүз болду. Кыздар жооштук, уялчаактык, өзүнө ишенбестик аларга өз оюн так баяндоого жана өзү жөнүндө презентация жасоого тоскоолдук кылгандыгы жөнүндө айтып берди. Интерактивдүү тренингдин жүрүшүндө кыздар мүнөздүн оң жана терс жактарын карап чыгуу, ошондой эле коркуудан жана тартынчаактыктан кантип арылууга боло тургандыгы жөнүндө билүү мүмкүнчүлүгүн алды. Машыктыруучу кыздарга өз тилектерине өтө жооптуу мамиле кылуу жана өзүнүн азыркы турмушу жана келечеги үчүн лидерликти өз колуна алуу кеңешин берди.

 

43-мектептен келген катышуучу Какенай Жумадилова электрондук почтага төмөнкүдөй ыраазычыылк катын жөнөткөн: «Мага бул тренинг абдан жакты. Сиздер мага жакшы шарттарды түзүп бергениңиздер үчүн сиздерге чоң ыракмат. Мен тренингди жан-дилим менен уктум жана өзүм үчүн көп пайдалуу кеңештерди жана жакшы мисалдарды алдым. Мыкты машыктыруучу Айжан Чыныбаева чакырылгандыгы үчүн дагы бир жолу ыракмат. Бардыгы сонун болду жана мага абдан жакты!»

 

Эльнура Айдарбекова мындай деп жазган: «Мен бүгүн көп нерселер жөнүндө ойлондум жана өтө кубанычтамын! Тренинг шыгыма шык кошту»