Талас облусунун Бакай-Ата районунда мектеп тамак-ашын уюштуруудагы оң тажрыйба

January 30, 2015, 06:00

2015-жылдын 19-январынан тартып 23-январына чейин КР экс-Президенти Роза Отунбаева БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу аркасында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КР Билим берүү жана илим министрлиги, КР Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте турмушка ашырып жаткан «Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашы жагынан мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү» долбоорунун алкагында региондорго – Талас, Жалал-Абад жана Ош облустарына барды.

 

Бул иш-чаранын максаты мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу боюнча долбоорду турмушка ашыруу менен таанышуу, Мектеп тамак-ашынын улуттук программасынын концепциясы жөнүндө маалымат алууну жакшыртуу болду.

 

Сиздерге Талас облусунун Бакай-Ата районунда мектеп тамак-ашын уюштуруудагы оң тажрыйба менен таанышууну сунуш кылабыз (Кыргыз тилиндеги видео-презентация)