Жеке балдар бакчаларынын жана борборлорунун директорлору үчүн Директорий курсунун экинчи тренинги аяктады

January 27, 2015, 06:00

Директорий тренинги боюнча отчет

 

Машыктыруучу - Мария Миркес, Новосибирск, Россия.

 

20-21-январда Жеке балдар бакчаларынын жана борборлорунун директорлору үчүн Директорий курсунун экинчи тренинги өттү.

 

Тренинг кардарларды, башкача айтканда, ата-энелерди тартуу жана алар менен иштөө темасын карады. Биринчи күндү шарттуу түрдө «Кардар телефон чалуудан башталат» деп атоого болор эле. Дал ушул балдар бакчасын тандоого ата-энени кызыктыруу үчүн кандай жооп берүү керек, статистика боюнча, телефон чалган адам эстеп кара турган алгачкы 30 секундада балдар бакчасы жөнүндө эмне айтуу керек. Ата-энеге берилген кандай маалымат чечим кабыл алууга таасир этет, кардар менен маектешүү учурунда кандай сөздөрдөн оолак болуу керек. Ата-энелер балдар бакчасына келип жана аны көрүп жаткан учурда алардын оң тандоосуна кандай факторлор таасир этет.

 

Экинчи бөлүктө машыктыруучу реклама үчүн балдар бакчасы жөнүндө маалыматты таратуунун кандай жолдорун тандоо керектиги, ошондой эле ата-энелерди кандай категорияларга бөлүүгө боло тургандыгы жана бул категориялардын ар бири менен кандай иштөө керектиги жөнүндө айтып берди. Тренингдин дагы бир маселеси ата-эне акы төлөөсүнүн маселеси болду – акынын өлчөмү эмнеден турат, кандай кызмат көрсөтүүлөр милдеттүү түрдө берилүүгө тийиш, кайсылары экинчи даражада. Ата-эне өз баласы үчүн тандаган балдар бакчасы кандай үмүт-тилектерге шайкеш келүүгө тийиш? Ата-энелердин үмүт-тилегин кантип актап, мында балдар бакчасынын кызыкчылыктарын кантип сактоо керек.

 

Кийинки тренинг 2015-жылдын 12-13-мартында (бейшемби-жума.) Шамбала Монтессори балдар бакчасында өтөт (Кара Дарыя көчөсү 38, Суванбердиев/Жигули көчөсү менен кесилиште).

 

Жазылуу төмөнкүдөй телефондор боюнча: 660 384, 0772 800 376 Асель Джакыпбекова, "Балалык мектеби" программасынын координатору.