КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын Жалал-Абад облусунун региондоруна жумушчу визити аяктады

January 22, 2015, 06:00

Бүгүн КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын Жалал-Абад облусунун региондоруна жумушчу визити аяктады.

 

Иш сапардын жүрүшүндө көптөгөн жолугушуулар болду, алардын алкагында төмөнкүдөй маселелер талкууланды:

 

- сапаттуу мектеп тамак-ашын алга илгерилетүү;

 

- жамааттык балдар бакчаларынын санын көбөйтүү жана жай мезгилинде жайлоодогу балдар бакчаларын түзүү аркылуу балдарды мектепке чейинки даярдоо менен камтууну арттыруу;

 

- Кыргызстан Аялдарынын Улуттук Форуму, ал 2015-жылдын 2-3-мартында өтөт;

 

- Фонддун «Бөбөк ыры» долбоорун турмушка ашыруу, анын максаты – республиканын балдарын руханий жактан өнүктүрүүгө жана кыргыз тилин алда канча терең өздөштүрүүгө түрткү берүүчү кыргыз тилиндеги балдар ырларынын учурдагы репертуарын түзүү;

 

- «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоору, ал өлкөнүн белгилүү инсандарын тартуу жана балдарга сүйүктүү жомокторду, ошондой эле азыркы авторлор жазган чыгармаларды бирге окуп берүү аркылуу китеп окуу маданиятын актуалдаштырууга, балдарга китеп окууга болгон сүйүүнү каныктырууга багытталган.

 

Ошондой эле визиттин алкагында Роза Отунбаева өзү Ардактуу профессору болуп саналган Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин профессордук-окутуучу курамы менен жолугушту.