Бишкек шаарынын мугалимдери үчүн экология боюнча лекторий

January 19, 2015, 06:00

Өткөн бейшембиде, 2015-жылдын 15-январында, № 65 Экологиялык-экономикалык лицейде мугалимдер үчүн экология боюнча Лекторийдин биринчи лекциясы өттү, ага Бишкек шаарынын 63 мектебинен география жана биология мугалимдери катышты (лекцияларды айына 1 жолу өткөрүп туруу пландаштырылып жатат).

 

Лекция «Бишкектин келечектеги тургундарынын экологиялык сабаттуулугун калыптандырууда мектептердин ролу» деген темага арналды. Жамааттарды туруктуу өнүктүрүүнүн «ЫРЫСТАН» коомдук фондунун директору Дмитрий Ветошкин лектор болду. Интерактивдүү болгон биринчи киришүү лекциясы катышуучуларга мектептердеги жана шаардагы өкүм сүргөн экологиялык көйгөйлөрдү козгоого, ошондой эле кийинки лекциялардын темаларына өз сунуштардын берүүгө мүмкүндүк түздү.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен кызматташтыкта география жана биология мугалимдери үчүн Экологиялык лекторийди уюштуруучу болду.

 

«Глобалдуу ой жүгүрт – локалдуу аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти алга илгерилетүү» долбоорунун жана 3-билим берүү фестивалынын: Эко-фестивалдын (2015-жылдын апрели) алкагында экология мугалимдери үчүн лекторий ачылды, анын максаты экологиялык мобилизациялоону жана агартууну, эко-маданиятты жана экологиялык аң-сезимди алга илгерилетүү, ошондой эле сергек жашоо ыңгайын пропагандалоо жана экологиялык жоопкерчилик сезимин тарбиялоо болуп саналат.

 

 

Лекция PDF форматында тиркелет.