Флоренциядан келген биздин мекендешибиз Назира Ажимудинованын «Италиядагы ресторан бизнеси өзгөчөлүгү» аттуу презентациясы өттү

January 5, 2015, 06:00

4 январь 2015 жылы “Прего Достук” ресторанында Флоренциядан келген биздин мекендешибиз Назира Ажимудинованын “Италиядагы ресторан бизнеси өзгөчөлүгү” аттуу презентациясы өттү. Назира Италияда 12 жылдан бери жашап жана эмгектенип жатат, акыркы 4 жылдан бери La Scesa ресторанында экинчи тамактын ашпозчусу болуп иштейт. Бүгүнкү кезигүүнүн катышуучулары бул – ресторан бизнесинин жана отелдердин өкүлдөрү, технологтор, тейлөөчүлөр, Ыссык-Көл аймагындагы туристтик тармагынын кызматкерлери жана Манас КТУнун тамак-аш факультетинин окутуучулары. Катышуучулар тигил же бул тамак-ашты даярдоо, азык-түлүктү даярдоо жана тазалоо, кооздотуу жана тартуулоо, клиенттерди тейлөө, эмгекти уюштуруу жана башка маселелер жөнүндө суроо берип жана Назирадан жооп кабыл алышты.


Диалогтун бир бөлүгү Италиядагы биздин мекендештерибиздин жашоо-тиричилигине, Италиядагы жана дүйнөдөгү башка өлкөлөрдөгү Kyrgyz Сlub уюмунун иш аракетине арналды. Айтмакчы, Назиранын айтымы боюнча, дүйнөдөгү кыргызстандыктардын байланышы жана шериктештиги акыркы маалда жандандырылып жатууда. Назира дүйнөнүн бир нече шаарларында өткөн кыргызстандыктардын форумдарында жана клуб кезигишүүлөрдө катышты. Жаңы2015 жылдын ушундай позитивдуу башталышы жана шериктештик үчүн Прего ресторандардын тармагына, жеке Флоренциядан келген Назира Ажимудиновага жана убакыт бөлүп келген катышуучуларга “Мекендештер” клубу чын ыкласынан ыраазычылыгын билдирет! Улантысы да бар...


5 январь 2015 жылы Бишкектин жаны курулган “Оникс” отелинде (дареги Горький көчөсү 141, Манас проспектиси менен кесилишинде) деңиз азыктары менен паста даярдоо боюнча Флоренциянын La Scesa ресторадын экинчи тамактын ашпозчусу биздин мекендешибиз Назира Ажимудинованын мастер классы өтөт. Келгиле, кызыктуу жана даамдуу болот!!!