Келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен, достор!

December 25, 2014, 06:00





Кымбаттуу достор!






Календардын барактары да түгөнүп, 2014-жыл аяктап баратат. Бул жыл бардыгыбызга көптөгөн жаңылыктарды, идеяларды алып келди, алар «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун командасына көрүнүктүү, кызыктуу долбоорлорду жүзөгө ашырууга, кыйла жакшы жана пайдалуу иштерди аткарууга мүмкүндүк берди. Бирок алдыда андан да көп долбоорлор, идеялар жана иштер күтүп турат, биз аларды 2015-жылы ишке ашырууга ниеттенип жатабыз. Биз өлкөбүздүн эң кичинекей жарандарын окутуудан тартып билим берүүнү, экологиялык тарбиялоону өнүктүрүү үчүн, маданиятты гүлдөтүү, кыз-келиндердин потенциалын арттыруу үчүн дагы көп нерселерди жасоого аракет кылабыз. Биздин ортобузда түзүлгөн ачыктык жана ишеним, Сиздердин колдооңуздар жана мамилеңиздер баарыбызга ийгиликке жетишүүгө жардам берет деп ишенебиз.


 

Шайыр, сыйкырдуу майрам жакындап келатат, ал балдар менен чоң кишилердин жүрөгүнө шаң берип, бүткүл дүйнө жүзүндөгү адамдарга жакшылыкты жана кубанычты, шаттуулукту жана күлкүнү кенен тартуулап, эң башкысы – кереметке ишеничти берет.


 

Ошондуктан Сиздерге Жаңы жылда чын дилибизден өзгөчөлүү, эң сонун маанай тилеп, Сиздер ар бир саамалыкты, ар бир ишти шыктануу, илгери жигер жана күч-кубат менен ишке ашырышыңарды каалайбыз.


 

2015-жылы Сиздердин эң асыл тилектериңер орундалсын, бардык жакшы саамалыктар ийгиликтүү болсун, жыл ар бир үйгө, бүткүл өлкөбүзгө туруктуулукту жана бакубаттуулукту алып келсин, адамдардын мамилелеринде мээримдүүлүктү, үй-бүлөлүк бакытты жана сезимдердин тазалыгын берсин.



2015-жылы ар бир үйдө бейпилдик, жакшылык жана ынтымак уяласын!


 «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун уюштуруучусу жана жамааты