«Ментор катары иштер»

December 19, 2014, 06:00

2014-жылдын 17-декабрында «Устат-2» долбоорунун менторлорунун долбоордун жүрүшү жөнүндө маалыматты: долбоор башталган датадан – 6-ноябрдан тартып бүгүнкү күнгө чейинки маалыматты алмашуу үчүн жолугушуусу болуп өттү


Жолугушуунун жүрүшүндө урматтуу насаатчыларыбыз ментор катары өз тажрыйбасын бөлүштү, иштин жүрүшүндө келип чыккан маселелерди жана аларды чечүү жолдорун талкуулады. Ошондой эле менторлор өз шакирттеринин ийгиликтери жөнүндө жана кыздар дуушарланып жаткан оорчулуктар жөнүндө айтып берди.


Өзүн-өзү төмөн баалаган, өз кудуретине ишене бербеген, колунан келчү нерсени жасай албаган жана бул алардын андан аркы өсүп-өөрчүшүнө тоскоолдук кылып жаткан шакирттер темасын козгошту. №6 үй-бүлөлүк медицина борборунун педиатры, мектептеги «Жаштарга жан тарткан кабинеттин» врач-консультанты Бактыгүл Жумакулова өзүнө-өзү баа бере бүлүүсүн арттырууга жана түнт абалдан арылууга өтө муктаж кыздардын өзүнчө тобу менен кошумча иштөөнү сунуш кылды. Эксперттердин пикири боюнча, өзүн-өзү төмөн баалагандык өнүгүүсүнүн артта калуусун, баарлашуудан коркууну, суроо берүүдөн тартынууну пайда кылышы мүмкүн, бул терең ой жүгүртүүнүн өнүгүшүнө тоскоолдук кылат.


Шакирт кыздардын көпчүлүгү эки шакирт менен иштөөдөн тышкары, бардык катышкан кыздардын өнүгүшүнө кошумча салым кошуп, бардык кыздар үчүн ар кандай экскурсияларды, тренингдерди жана мастер-класстарды уюштурууга ниеттенет.


Менторлордун айрымдары шакирттер менен иштеп гана тим болбостон, ошондой эле ата-энелер менен жолугушууларды өткөрүшөт.


Менторлор актуалдуу маселелерди биргелешип чечүү үчүн дайыма жолугушуп турабыз жана бири-бирибизди колдойбуз деп макулдашты.