«Гений» радиоберүүсүнүн кыргыз тилиндеги кезектеги чыгарылышы эфирге чыкты

December 19, 2014, 06:00

19-декабрда «Гений» радиоберүүсүнүн кыргыз тилиндеги кезектеги чыгарылышы эфирге чыкты.

 

Тема: Кыргызстандын альтернативдүү балдар бакчалары жана алардын иши.

 

Чакырылган эксперттер:

 

Майтикова Чынара – Бишкек шаарынын мектепке чейинки мекемелери менен иштөө боюнча башкы адиси, Бишкектин альтернативдүү балдар бакчалары жөнүндө айтып берди.

 

Ахмедова Чынара – "Айжан" коомдук бирикмесинин директору, Баткен облусунун жамааттык балдар бакчаларынын тажрыйбасы менен бөлүштү.

 

Базаркулова Таалайкүл – үч баланын энеси, Монтессори балдар бакчасынын негиздөөчүсү, балдар бакчасын түзүү жагынан өз тажрыйбасы жана Монтессори балдар бакчасынын өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берди.

 

Бакасова Азема – Kinder club (Enuctus KRSU) долбоорунун координатору, Бишкек шаарынын жаңы конуштарында балдар бакчаларын (Коңшуда) түзүү тууралуу кеп кылды.

 

Эксперттер альтернативдүү балдар бакчаларын түзүүнүн ар кандай ыкмалары жөнүндө айтып берди жана балдар мекемелерин түзүү боюнча практикалык кеңештерди берди.

 

Аудио материал балдар бакчаларынын ар кыл варианттарын издеп жаткан ата-энелерге жана жеке балдар бакчаларын ачууга ниеттенип жаткан адамдар үчүн кызыктуу.