КР Экс-Президенти Роза Отунбаева Борбордук Азиянын Аскага чыгуу боюнча чемпионатынын жабылышына барды

December 11, 2014, 06:00

КР Экс-Президенти Роза Отунбаева Борбордук Азиянын Аскага чыгуу боюнча чемпионатынын жабылышына барды, ал 7-декабрда К2 спортклубунда болду.


Бишкекте Борбордук Азиянын Аскага спорттук чыгуу боюнча чемпионаты аяктады. Биринчи жолу ага төрт өлкөнүн – Өзбекстандын, Казакстандын, Россиянын жана Кыргызстандын аскага чыгуучулары катышты.


Чемпионаттын алкагында 120 спортсмен төмөнкүдөй үч курактык категорияда медаль үчүн күч сынашты: «улуулар» – булар 1998-жылга чейин туулгандар, андан соң 1999-2001-жылдары туулгандар, ошондой эле 2002-жылы жана андан кийин туулгандар. Катышуучулар аскага чыгуунун төрт дисциплинасы боюнча таймашты – кыйынчылык, ылдамдык, боулдеринг жана джампинг.