«Устат-2» менторлук долбооруна катышуу үчүн конкурстук тандоону жүргүзүү жөнүндө жарыя

October 3, 2014, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарынын турак-жай конуштарында окуган 9-10-11-класстардын окуучу кыздары үчүн «Устат-2» менторлук долбооруна катышууга конкурстук тандоону жүргүзүү жөнүндө жарыялайт.


«Устат-2» менторлук долбоорунун экинчи этабынын максаты кесипти тандоого, инсанды ар тараптан өнүктүрүүгө, акыл калчап ой жүгүртүү жөндөмүн жакшыртууга, өз алдынчалыкты, лидерлик сапаттарды өнүктүрүүгө жардам берүү болуп саналат жана жаңы конуштардын мектептериндеги кыздардын өсүшүнө көмөктөшөт.


Долбоор жаш, жөндөмдүү жана өнүгүүнү каалаган кыздардын насаатчы аялдын (Устат-2) жана ал көз салган жаш адис кыздын (Шакирт) ортосундагы кызматташуу процессине жигердүү катышуусун кубаттоону болжолдойт. Долбоордун алкагында менторлор менен жолугушуулар, мастер-класстар, мелдештер жана башка кызыктуу иш-чаралар болжолдонуп жатат.


Конкурстун катышуучулары конкурска катышууга табыштама-анкетаны (мындан ары – Табыштама-анкета) толтурган жогорку класстагы кыздар катыша алат. Табыштама бергендердин ичинен конкурстук тандоонун жеңүүчүлөрү төмөнкүдөй критерийлер боюнча тандап алынат:


1. 9-10-11-класстардын окуучу кыздары (15-18 жаш);

2. Жеке сапаттар: жигердүү турмуштук позиция, жоопкерчилик, жамаатка аралаша билүү, өзүнө ишенич, оптимизм, сабаттуу так сүйлөө (жазуу жүзүндө, оозеки).

3. Ишти белгиленген мөөнөттө аткара билүү.


Устат менторлук долбоору 9 айга эсептелген. Табыштама-анкеталарды кабыл ала баштоо мөөнөтү 2014-жылдын 1-октябры, Бишкек убактысы боюнча саат 10:00. Конкурска катышууга табыштама-анкеталарды кабыл алуунун аякташы 2014-жылдын 10-октябры, Бишкек убактысы боюнча саат 16:00. Табыштамаларды кабыл алуунун белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийин келип түшкөн табыштамалар кабыл алынбайт.


Табыштама-анкета электрондук түрдө на www.roza.kg сайтында  http://www.roza.kg/2014/10/03/zayavka-na-uchastie-v-proekte-mentorstva-ustat-2


Табыштама-анкета кагаз түрүндө төмөнкүдөй дарек боюнча толтурулушу мүмкүн: «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду, Бишкек шаары, Чүй пр. 106, 108-кабинет (КР Экономика министрлигинин имаратында), «Устат-2» менторлук долбооруна катышуучуларды тандоо боюнча конкурстук комиссияга» деген белги коюлат.


Табыштама кыргыз жана орус тилдеринде берилет.


Конкурстун жыйынтыктары конкурстук комиссия жеңүүчүлөрдүн тизмесин бекиткенден кийин 5 күндөн кечиктирбестен www.roza.kg сайтына жайгаштырылат.