Экс-президент Р.Отунбаева чет өлкөлөрдөгү мекендештерди өргүү учурунда жайлоодогу балдар бакчаларына барууга чакырды

July 28, 2014, 06:00

Кыргызстандын Экс-президенти Р.Отунбаева чет өлкөлөрдөгү мекендештерди өргүү учурунда жайлоодогу балдар бакчаларына барууга чакырды. Бул сунушун ал 25-июлда Бишкектеги «Мекендештер – 2014» форумунда жарыя кылды.

 

«Биз силердин бир жумадан 10 күнгө чейинки мөөнөттөгү өргүүңөрдүн учурунда бизде волонтердук акциялар болушун – айылдардагы, жайыттардагы адамдарга барууну, ден соолук комитеттери менен иштөөнү каалайбыз», - деп айтты ал.

 

Анын айтымы боюнча, билим берүүнү түп тамырынан реформалоо үчүн волонтерлор керек. «Азыр биз мектепке чейинки билим берүүгө көп көңүл буруп жатабыз. Бизде бардык эле балдар мектепке даяр эмес, 20%ы мектепке чейинки мекемелерге эптеп барат, ошондуктан жайында биз жайлоолордо 35тен ашык балдар бакчасын ачтык. Ал жакка баргыла, балдар менен сүйлөшкүлө, алар көптөн бери бизден – кыргыздардан башка эч кимди көрө элек. Алар менен башка тилде маектешкиле, ойногула. Ал жакта балдарды шахмат ойноого же музыкалык аспаптарды чертүүгө үйрөткөн адам жок», - деди ал.