Мекендештер: сөздөн ишке өтөлү

July 25, 2014, 06:00

Бишкекте бүгүн, 25-июлда “Мекендештер” деп аталган эки күндүк форум башталды. “Роза Отунбаеванын демилгелери “ фонду уюштуруп жаткан иш-чарага 25 өлкөдө жашап иштеп жүргөн 300дөй кыргызстандык чакырылды. Форум “Кыргызстандын келечегине салым” деген ураан астында өтүп жатат.