Жайлоо бала бакчалары үчүн куурчак театр

August 1, 2014, 06:00

23-июлдан 28-июлга чейин Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарында уюшулган жайлоо бала бакчаларында Ош областтык Н. Шамурзаев атындагы куурчак театрынын артистери “Алтын жөжө” деген аталыштагы спектакль коюуда. Театрдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Исаков Алымкул Дооронович.


Бул саамалык ата-энелер жана балдардын арасында чоң кызыгууну жаратты.


Ош областынын Чыйырчык, Кара-Чукур, Жалал-Абад областынын Көгарт жайлоолорунда коюлган куурчак театрынын спектаклдеринен балдар гана эмес, чоңдор, ата-энелер да кубанычта болушту. Андан тышкары Ош мамлекеттик университетинин "Зирек" балдар бакчасынын педагог-психологдору балдарды өнүктүрүү жана ата-энелер менен иштөө маселеси боюнча тарбиячыларга усулдук жардам көрсөтүшүүдө.


Бул саамалыкты жергиликтүү жайыт комитеттери чын дилден колдошуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн бул демилгелерди ар тараптуу колдоого алуусу зарылдыгын айтышты.


Өзгөчө Мады, (Исмаилов Жунус) Багыш жайыт комитеттери (Карыбеков Жылдызбек) тарабынан жайлоо бакчаларына жакшы көңүл бурулуп, балдарга зарыл шарттарды түзүп беришкендигин белгилөөгө болот. Ал эми Гүлчө айыл өкмөтүнүн жайлоо (Тоймаматов Максыталы) бакчасына усулдук кеңештерге көбүрөөк муктаж экендигин айта кетүү керек.


Ата-энелер “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулган жайлоо бала бакчалары жайыт колдонуучулардын кызыгуусун туудургандыгын белгилешти. Бул саамалык балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп аткандыгын айтып өтүштү Кийинки жылдарга шаардык балдар үчүн да жайкы лагерлерди уюштуруу менен балдарды эмгеккке үйрөтүүгө, мекен таанууга, элдин нарк-насилин өздөштүрүүсүнө эң жакшы мүмкүнчүлүктөрдүн ачыла тургандыгын баса белгилешти.