Ыраазычылык кат

March 25, 2013, 06:00

Урматтуу Роза Исаковна!

Эн алгач сизди босогодо турган Нооруз коктом майрамыныз менен куттуктайм. Менин сизге бул ыраазычылык катты жазганыма жеке демилгем менен бирге бир топ адамдар себепчи болушту.

Анткени сиз уюштурган аялдар кунундогу “Лира кечеси” коптогон мекендештерибизди кайдыгер калтырбаптыр. Ал тургай бул кечеден таасир алып, поэзияга болгон кызыгуусу арткандар менен суйлоштум. Алар буга чейин “поэзия” деген эмне?, “ыр” деген эмне? экенин толук тушунбой, дегеле китеп окугандан жаа бою качкандарын айтып, ушул кечеден кийин алардын жашоосунда кандайдыр бир чон бурулуш болгонун абдан суйунуч менен белгилешти. Адатта поэзияда окулган же жазылган ыр бир адамдын журогуно жетсе чон жетишкендик экенин эске алсак, анда бул иш чаранын орду канчалык экени айтпаса да белгилуу.

Бул кечеде келинчегим экообуз тен катышып ыр окугандыктанбы, айтор эфир берилгенден тартып, ага дагы мага дагы жагымдуу чалуулар тынган жок. Копчулугу жогоруда айтылгандарды белгилеп, китептерибизди сурашты. Буга чейин деле коптогон поэзия жана чыгармачылык кечелерди откоруп журобуз. Анда деле жакшы пикирлер айтылчу, бирок мынчалык коп болчу эмес. Ушундан улам, эгерде мамлекеттик жогорку кызматтагылар же элге эмгеги синген коомдук ишмерлер дал ушул поэзия дуйносуно конул кош карабай, ал тургай оздору уюштуруп турса, элдин да кабыл алуусу жандуу болобу деген ойго келдим. Демек, сиздин чыгармачыл жаштарды колдоп, ошол эле учурда жалпы соз сыйлаган кыргыз журтунун жан дуйносуно эргуу тартуулаганыныз учун элдин атынан, ошол жерде ыр окуган чыгармачыл жаштардын атынан ошондой эле озумдун атымдан терен ыраазычылык билдирем.


Урматым менен, 

Кутмырза Жакыбалиев 

Улуттук жазуучулар союзунун мучосу