Ош жана Нарын облустарындамектеп тамак-ашы саясатын алга илгерилетүүдө жергиликтүү жамаатты жигердештирүү үчүн тренингдер өткөрүлдү

July 4, 2014, 06:00

2014-жылдын 21-июнунда Нарын облусунун К.Акназароватындагы мектебинде жана 30-июнунда Ош облусунун Найман айылындагы орто мектепте мектеп тамак-ашы саясатын алга илгерилетүүдө жергиликтүү жамаатты жигердештирүү максатында ата-энелер комитеттиринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мектептердин администрацияларынын, өкмөттүк эмес сектордун өкүлдөрү үчүн тренингдер өткөрүлдү.

 

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар региондордун деңгээлинде мектеп тамак-ашы боюнча пилоттук долбоорлорду турмушка ашыруунун оң тажрыйбасы менен таанышты, мектеп тамак-ашына ысык тамакты киргизүүнүн маанилүүлүгүн талкуулады жана мектеп тамак-ашын жакшыртууда жергиликтүү жамааттын мүмкүнчүлүктөрү айкындалды.

 

Тренингдин катышуучулары төмөнкүдөй сунуштарды берди:

 

1. Мектеп тамак-ашын жакшыртуу боюнча жер-жерлерде ата-энелер фонддорун түзүү.

 

2. Жергиликтүү жамааттардын тендердик комиссияга контролдук кылышы, ошондой эле мектеп тамак-ашынын программасын турмушка ашыруу боюнча контролдук кылуу.

 

3. Тендерлердин катышуучуларынын санын көбөйтүү.

 

Бул тренингди БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен турмушка ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашынын мамлекеттик саясатын алга илгерилетүү» долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду уюштурду.