Суусамыр өрөөнүндө балдар бакчаларын ачуу

July 3, 2014, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду турмушка ашырып жаткан «Жайлоодогу балдар бакчалары» долбоорунун алкагында 2014-жылдын 24-июнунда Суусамыр өрөөнүндө 3 балдар бакчасы ачылды, аларда 100дөн ашык бала тарбияланат.

 

Балдар бакчалары Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы Жайыт департаменти менен тыгыз кызматташтыкта ачылды.

 

Балдар бакчаларынын ачылышына ӨкмөттүнВице-премьер министриСариеваЭльвира, Жайыт департаментинин директору Эгембердиев Абдымалик, Өкмөттүн Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жуманазаров Байыш,Талас жана Манас райондорунун администрация башчылары, ата-энелер жана жергиликтүү жайыт комитеттеринин өкүлдөрү катышты.