Бийлик үчүн жаңы конуштарда бала бакчаларын ачуу артыкчылыктуу эмес деп аташты

June 20, 2014, 06:00

Бишкек жана Оштун айланасындагы жаңы конуштарда бала бакчаларды куруу маселеси бийлик үчүн артыкчылыктуу эмес. Бул тууралуу кечээ, 18-июнда «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун өкүлү Жибек Койчукулова журналисттерге айтып берди.

 

Эксперт азыр Бишкектин айланасында 50гү жакын жаңы конуш бар экенин эске салды. Мында мектепке чейинки билим берүү инфратүзүмү – шаардык саясаттын алкагында жергиликтүү бийликте артыкчылыктуу эмес.

 

Койчукулованын сөзү боюнча жаңы конуштарда бала бакчалар калдык принциби боюнча курулат, жана алардын саны эсептелүү гана. .

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду жаңы конуштардагы мектепке чейинки билим берүү маселесин мектепке чейинки билим берүүнүн альтернативалык формаларын жана мекемелерин уюштуруу жолу менен бир нече ирээт көтөргөн. «Бул тек эле коомдоштук балдар бакчалары болушу мүмкүн эмес. Дагы варианттар бар, иштеп жаткан муниципалдык балдар бакчаларында толук күндүн программасынын ордуна окутуу менен кыска убакытта болуу жана ушунун өзү менен топтордун санын көбөйтүп, уктоочу жайларды алып салуу. Башка альтернативалык формалар да бар: үй-бүлөлүк бала бакчалар, жеке менчик бала бакчалар, билим берүү борборлору, чиновниктерде жана ата энелердин колунда бар, формалары жана усулдары ар түрдүү жөн эле багуу борборлору. Муниципалитеттин акчасы жетпей жатканын биз көрүп турабыз. Бирок дүйнөлүк тажырыйбада бизнеске курулуш үчүн жер бөлүп берүү мисалдары бар. Анда кандайдыр бир жайлар бала бакча же бейтапкана үчүн берилүү шарты коюлат, жана башка дагы ушул сыяктуу» – деп айтты фонддун өкүлү.

 

Вечерний Бишкек