«Маданият аркылуу тынчтык» биринчи Республикалык көркөм окуу конкурсунун жеңүүчүлөрү жана сыйлык ээлери

June 23, 2014, 06:00

2014-жылдын июнунда «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду (ЭКФ) менен өнөктөштүктө «Алые Паруса» Коомдук фонду тарабынан уюштурулган балдар жана жаштар арасындагы «Маданият аркылуу тынчтык» деп аталган көркөм окуулардын биринчи Республикалык конкурсу аяктады.

 

Конкурс балдар жана жаштар арасында көркөм окуу маданиятын жогорулатууга, таланттуу балдарды колдоо жана жалпысынан балдар адабиятын өнүктүрүүгө багытталган. Конкурстун финалында 25 катышуучу өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Ар бир катышуучу көркөм окуунун жогорку деңгээлин, актердук жана оратордук чеберчиликти көрсөтүү менен улуу акындардын жана жазуучулардын чыгармаларында камтылган бийик сезим, ойлорду аудиторияга жеткире алышты.

 

Конкурстун калыстар тобунун төмөнкүдөй курамы: К. Аманова – калыстар тобунун төрагасы, калыстар тобунун мүчөлөрү – Т. М. Джаманбаева, С. Карипова, К. Нарынбаева, И. Тарасова, Н. Калыбеков, И. Ачкасова ар бир категорияда төмөнкү жеңүүчүлөрдү аныкташты:

 

«Өзгөчө балдар» категориясы

 

 

1-орун – Андрей Головин (Бишкек)

 

 

2-орун – Аскар Бектуров

 

 

3-орун – Лидия Филатова

3-орун – Адина Таласбекова

 

 

6–8 жаш категориясы

 

 

1-орун – Вероника Лисовская (Бишкек)

 

 

2-орун – Жоомарт Салимбаев (Бишкек)

2-орун – Муратбекова Айгерим (Ысык-Көл облусу)

 

 

3-орун – Таалайбек Азаматов (Бишкек)


 

9 – 11 жаш категориясы


 

1-орун – Урматбек кызы Мунарым (Ысык-Көл)

 

 

2-орун – Любовь Лисовская (Бишкек)

 

 

3-орун – Айгерим Муратбекова (Ысык-Көл) 

 

Атайын сыйлык – Нурсулуу Айдарова (Баткен облусу)

Атайын сыйлык – Сезим Дилдедосова (Баткен облусу)

 

 

 

12–15 жаш категориясы

 

 

1-орун – Эрбол Анарбеков (Жалал-Абад облусу)

 

 

2-орун – Дмитрий Сушко (Бишкек)

 

 

3-орун – Мираида Байгазиева (Бишкек)

 

 

Атайын сыйлык – Турдумамат кызы Алина (Бишкек)

Атайын сыйлык – Майдин уулу Бакберген (Чүй облусу)

Атайын сыйлык – Улан Марсбеков (Талас облусу)

Атайын сыйлык – Токтораалы уулу Рыскелди (Бишкек)

 

 

16–18 жаш категориясы

 

1-орун – Уланмырза Карыпбаев (Бишкек)

 

 

2-орун – Биймирза уулу Азиз (Талас облусу)

 

 

3-орун – Элзар Рамисов (Бишкек)

 

 

Атайын сыйлык – Гулдана Орозбекова (Нарын облусу)

Атайын сыйлык – Алмазбек кызы Гулнара (Ош)