Cуусамырда жайлоо бала бакчалары ачылат

June 23, 2014, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду «Өз күчүбүз менен жайлоо бала бакчалары» долбоорунун алкагында2014 – жылы 24 – июнда Суусамыр өрөөнүндө Панфилов районунун Вознесеновка жайыт комитети, Манас районунун Үч-Коргон жана Талас районунун Долоно жайыт комитеттери тарабынан уюштурулган бала бакчалар ачылып, иштей баштайт. Жайлоо бала бакчаларынын ачылышы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Вице-премьер министри Сариева Эльвира Кубанычбековнанын катышуусунда өтөт.

 

2014 жылы жай айларында Кыргызстандын бардык областарынын тоолуу аймактарында 35 жайлоо бала бакчалары ачылууда. Жайлоо бала бакчаларында тоолуу аймактарда жашаган мекендештерибиздин балдары үч ай бою күнүгө үч сааттан окуп, бири-бири менен эриш аркак иштеп, ар тараптан өнүгүүгө мүмкүнчүлүк алат.

 

Жайлоо бала бакчаларын ачуу Билим берүү жана илим министрлиги, Жайыт департаменти, жайыт комитеттери жана айыл өкмөттөрү менен кызматташтыкта ишке ашууда. Бала бакчаларды канцеляриялык товарлар менен камсыз кылууда Бакай Банк, Финка, Компаньон финансалык мекемелери жардам көрсөтүштү. Бул долбоор малчылардын үй-бүлөлөрүндөгү балдарды камтууга мүмкүндүк берет. «Жайлоо бала бакчалары» модели мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүк жагынан айылдык жана шаардык райондордун ортосундагы ажырымды кыскартууга көмөктөшөт.

 

Кошумча маалымат алуу үчүн 0552 600 738, 0771 388 596 телефондоруна кайрылсаңыздар (Асылбек Жоодонбеков) болот.