«Парламентаризм жөнүндө диалог» долбоорунун алкагында тегерек столду өткөрүү жөнүндө пресс-релиз

May 14, 2014, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргызстандагы парламентаризмди колдоо жана өнүктүрүү максатында «Парламентаризм жөнүндө диалог» долбоорун ишке киргизет. Бул долбоордун алкагында «Бундестагдын мисалында Парламенттин ишиндеги изилдөө кызматынын ролу» тегерек столу өткөрүлөт.


Тегерек стол 15-майда саат 13:30дан 17:00гө чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Батыш залында өтөт.


Тегерек столго Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, КР Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жетекчиси, КР Жогорку Кеңешинин Аппаратынын бөлүм башчылары, НПО секторунун эксперттери жана өкүлдөрү катышат.


Тегерек столго эл аралык баяндамачы катары Германия Бундестагынын ХДС/ХСС фракциясынын тышкы саясий маселелер боюнча спикеринин кызматынын жетекчиси Карстен Хармс жана Германия Бундестагынын ХДС/ХСС фракциясынын тышкы саясий маселелер жана коопсуздук маселелери боюнча жетектөөчү илимий кызматкери Кристиан Форнек катышат, алар Парламенттин илим-изилдөө ишин уюштуруу жагынан катышуучулар менен тажрыйба бөлүшөт.


Кошумча маалымат үчүн долбоордун координатору Гульзада Медералиевага 0553-655518 телефону боюнча же office@roza.kg электрондук почтасы боюнча кайрылууну өтүнөбүз.