2014-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында “Китепканадагы кадыр түн” деп аталган социалдык-маданий акция өткөрүлөт

May 14, 2014, 06:00

2014-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында “Китепканадагы кадыр түн” деп аталган социалдык-маданий акция өткөрүлөт. Акция саат 17.00 дө башталат.


КР Улуттук китепканасы – китепкана жамаатынын флагманы, Кыргызстандагы эң ири информациялык, билим берүүчү жана маданий борбор, биринчи жолу 2013-жылы Бишкекте “Китепканадагы түндү” өткөрүүгө демилгечи болгон. Бул жолу да иш убакыттан кийин китепканага келүүчүлөр үчүн китепкананын эшиктери ачык болот. Китепканадагы түн – азыркы учурда китепканаларды популярдаштыруунун жаңыча ыкмасы.


Акциянын максаты – жаштарда китеп окуу маданиятын өнүктүрүү жана китепке кызыгууну жаратуу, окурмандарды китепканага тартуу. Акция ошондой эле китепкана жөнүндө китепкана жөнүндө илимий, агартуучу мекеме эле эмес, тандоо эркиндиги бар, көңүлдү куунак кылуучу жай катары түшүнүктү жаратуу, китеп окууну турмуштун образы катары улантуу, адабий процессти уникалдуу көрүнүш катары өнүктүрүү максатын көздөйт.


Китеп – адам үчүн эч нерсеге алмаштыргыс булак. Китеп окууга кызыгуунун азайышы бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө болуп жаткан көрүнүш. Кыргызстанда да китеп окуунун өлкөнүн өнүгүүсү үчүн ролун түшүнүү менен бул проблемага каршы активдүү аракеттер жасалып жатат.


Бул түндө Улуттук китепкананын кызматкерлери китепканага келгендер үчүн тандоо эркиндигин камсыздашат. Акциянын катышуучулары өткөрүлүп жаткан аянттардын каалаганын тандашса болот. Быйылкы жылы ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү менен бирдикте Акцияга шаарыбыздын эң кичинекей окурмандары да катышат. Алар үчүн театрлаштырылган оюндар – “Үй-бүлөлүк окуу”: “Үйдөгү китептер”, “Үй-бүлөнүн боек менен тартылган портрети”, “Ата-энелер үчүн маалымат” деген мастер-класстар; тегерек үстөл – “Үй-бүлөлүк окуунун салттары”, ата-энелердин жана балдардын көркөм окуу конкурстары - “Үй-бүлөлүк адабий майрам”, флешмоб – “Үй-бүлөлүк окуу – модалуу жана жакшы”, интеллектуалдык оюн - “Үй-бүлө менен фантазия дүйнөсүнө саякат”, конкурс – “Үй-бүлөбүз менен сүйүктүү ырларды ырдайбыз”, слайд-презентациялар: “Муну бүт дүйнө окуйт”, “Муну бүт үй-бүлө окуйт”, “Үй-бүлөдө кароо үчүн” сыяктуу иш чаралар болот. Ошондой эле Китепканадагы түндүн катышуучуларына балдар модасы көрсөтүлөт жана алар “Жылдыздар балдарга окушат” деген акцияга да катыша алышат.


Иш-чаранын программасында: театрлаштырылган оюн, чыгармачыл мастер-класстар (улуттук Тогуз коргоол оюну, каллиграфия, улуттук оюуларды кесип жасоо), адабий жолугушуулар, конкурстар, тренинг ("Эл алдында сүйлөө чеберчилиги). Сиздер белгилүү аткаруучулардын концертин уксаңыздар болот, китепкананы кыдырып, көргөзмө залдарды карасаңыздар, ар кандай оюндарга катышсаңыздар болот («Библиотека раскрывает тайны», Мафия), режиссер Руслан Акундун катышуусу менен эң популярдуу “Салам, Нью-Йорк” деген фильмди көрөсүздөр, китеп сактоочу жайга экскурсияга катышууга, убагында өткөрүлбөй кечигип каалаган китептерди штрафсыз тапшырууга, акысыз жазылып окурмандык белет алууга болот.


Бул күнү китепкана эң эле чечкиндүү жана креативдүү идеяларды ишке ашыруу үчүн чыныгы чыгармачылык жай болот! Бул иш-чара эл менен белгилүү бир убакытта иштеген жана олуттуу имиджге ээ салттуу китепканадан башкача китепкананы көрүүгө мүмкүндүк берет. «Китепканадагы кадыр түн» күндө болуучу иштен айырмаланып пайдалануучулардын чөйрөсүн кеңейтет.


“Китепканадагы кадыр түндү” өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына өнөк болуп жаткандар: ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү, Россотрудничествонун КР өкүлчүлүгү, “Кыргызфильмофонд” РГФК, Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры, Кыргыз улуттук академиялык драма театры, КМУ алдындагы Конфуций институту, “Балажан” РУМЦЕВ, Тогуз-Коргоол боюнча республикалык федерация ШТАБ – теория жана активизм мектеби, Гмайнер мектеби, ДИНО, ПЛ №3, КМУнун Экономика колледжи, Сократ мектеби – Алые паруса, “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фонду, Бишкек ш. мектеп окуучуларынын “Кыргызстан балдары” чыгармачылык борбору, “Лидер” БГУ жаштар клубу, ФСК Бишкек ресурстук борбору, Арабаев атындагы КМУ, Латино-Холл мектеби жана РИО мектеби, “Курак” уздар үйү, Интербилим борбору жана Ротари клуб, "BOOM Studio" чыгармачылык өнүктүрүү асоциациясы, Волонтерлор мектеби.


Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимдин, билим берүүнүн жана маданияттын ишмерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жождордун, элчиликтердин жана эл аралык уюмдардын, басмалардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, жождордун, колледждердин студенттери, Бишкек ш. орто мектептердин окуучулары жана көп сандаган окурмандар катышат.

 

Дареги: Бишкек ш., Ю.Абдрахманов көчөсү, 208. Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы. Тел. 30-46-95; 30-46-75


Скачать полную программу "БиблиоНочи"