Бишкекте Кыргызстанда ачык билим берүү ресурстарын киргизүүнүн келечектери боюнча тегерек стол өтөт

April 28, 2014, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Сорос-Кыргызстан» Фондунун «Маалыматтын эркиндиги» программасынын финансылык колдоосу менен «Ачык китеп» долбоорун турмушка ашырууда.

 

Долбоордун максаты - билим берүү жагынан учурдагы мамлекеттик саясаттардын негизинде Кыргызстанда Ачык билим берүү ресурстарына (АБР) карата стратегияларды жана саясатты түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү.

 

Долбоордун алкагында эксперттер КыргызстандаАчык билим берүү ресурстарын киргизүүнүн келечектери боюнча кырдаалга талдоо жүргүздү. Буга байланыштуу 2014-жылдын29-апрелинде тегерек стол өткөрүлөт, анда бул изилдөө боюнча отчет презентацияланат.

 

Бул тегерек столдун максаты ошондой элеКыргызстанда Ачык билим берүү ресурстарын (АБР) киргизүү Концепциясынын долбоорунун мазмунун талкуулоо болуп саналат. Тегерекстолдун жыйынтыктары боюнча Концепциянын долбоорун иштеп чыгуу үчүн жумушчу топту түзүү пландаштырылып жатат.

 

 

Өткөрүү орду: Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 85, «УрматОрдо» мейманканасы, 6-кабат

Өткөрүү датасы: 2014-жылдын 29-апрели

Убактысы: 14.00-16.30

 

Каалаган бардыкжурналисттерди ушул иш-чарага катышууга чакырабыз.Катышууну ырастоо үчүн төмөнкүдөй телефон боюнча байланышуунуөтүнөбүз: (жум.) 0312 660368, моб: 0550 328868, e-mal: gulzada.urgunalieva@gmail.com (ГульзадаУргуналиева, «Ачык китеп» долбоорунун координатору).