Экинчи Билим берүү фестивалынын алкагында Тарых музейинде техниканын тарыхындагы буюмдардын көргөзмөсү болот

April 23, 2014, 06:00

23-апрелде Бишкекте Мамлекеттик тарых музейинин көргөзмө залында «Техниканын тарыхындагы буюмдар» (Техниканын тарых музейинин коллекциясынан) көргөзмөсүнүн ачылышы болот.

 

Көргөзмө «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду өткөрүп жаткан экинчи Билим берүү фестивалына туш келтирилген.

 

Басма сөз кызматы билдиргендей, техниканын тарых музейи инженер архитектор Алымкул Ташлановдун демилгеси боюнча түзүлгөн. Музейди түзөөрдөн мурда бүгүнкү күндө техникалык тарыхтын жана инженердик ойдун буюм далилдеринин баалуулугун жана көп түрдүү топтомун түзгөн эски буюмдарды чогултуу жана реставрациялоо боюнча иш жүргүзүлгөн.

 

Музейдин башкы милдети өзгөчө баалуу жана кайталангыс экспонаттарды сактоо жана даңазалоо, өсүп келаткан муундун Кыргызстандын тарыхына кызыгуусун арттыруу болуп саналат.

 

Көргөзмөгө радио жана телекөрсөтүү техникаларынын коллекцияларынан буюмдар, сааттар, жарык кылуу приборлору, фотоаппаратура, өлчөө приборлору, техниканын тарыхы боюнча китептер коюлат.

 

Техника Кыргызстандын бардык облустары боюнча чогултулду. Кийин техниканын тарых музейин түзүүгө мүмкүндүк берген буюмдар табылды жана сакталып калды. Бул Бишкекте техниканын тарыхын кеңири тааныткан жападан жалгыз музей, деп айтылат билдирүүдө.

 

Музейдин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө музей XYII кылымдан тартып бүгүнкү күнгө чейинки мезгилди камтыган техниканын жана илимий билимдердин ар кандай багыттары боюнча 50 миңден ашык музей буюмдарын сактайт жана 150 коллекциядан турат. Музейде суу же глицерин менен толтурулган линзасы бар «КВН-49» телевизору, «Морзе» телеграф аппараты; ар кандай доорлордогу телефон аппараттары; оптикалык жана жарык берүү приборлору; байланыш каражаттары сыяктуу сейрек кездешүүчү буюмдар; сааттар; басуучу машинкалар; куюлган жана кызытып жасалган көркөм буюмдар жана башка көптөгөн нерселер бар.