Экинчи Билим берүү фестивалынын алкагында «Атам, апам, мен – техникалык үй-бүлөбүз» конкурсу өтөт

April 23, 2014, 06:00

«Атам, апам, мен – техникалык үй-бүлөбүз» конкурсу – «Алтын түйүн» республикалык балдар инженердик-техникалык академиясынын салтка айланган майрамы.

 

Анын баалуулугу ата-энелер жана балдар эмгектенүү процессинде баарлашуу, өзүнүн чыгармачылыгын көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондугунда турат. Жыл сайын жаңы тема тандап алынат, бирок ал сөзсүз түрдө техникалык чыгармачылык менен байланышта болууга тийиш. Өткөн жылы үй-бүлөлөр келечектеги үй-бүлөнүн үйүн курган, ал эми быйылкы жылы катышуучулардын алдында «Космос сити» долбоорун түзүү милдети турат.

 

«Алтын түйүн» РДИТАнын 10 үй-бүлөсү конкурстун катышуучусу болуп калат. Өз иштерин конкурсанттар көмөкчү материалдардан жасайт, бирок мында чыгармачылыгын, ойлоп табуучулугун, ой чабыттарын көрсөтөт жана кыска убакыттын ичинде кызыктуу долбоорлорду берет. Долбоорлорду сөзсүз түрдө балдар – «Алтын түйүндүн» тарбиялануучулары жактайт. Компетенттүү калыстар тобу долбоорду презентациялоо, техникалык дизайн, оригиналдуулук, турмушта пайдалануу сыяктуу критерийлер боюнча макеттерге баа берип, жыйынтыктарды чыгарат. Конкурстун жеңүүчүлөрү – дипломдорду жана баалуу белектерди, бардык катышуучулар сертификаттарды алат. «Атам, апам, мен – техникалык үй-бүлөбүз» конкурсу бүгүнкү күндө республикалык болуп калды.

 

Быйылкы жылы конкурс экинчи Билим берүү фестивалынын алкагында Эски аянтта 27-апрелде саат 12.00дө өтөт.