Бишкекте мектепке чейинки жеке мекемелердин башчылары жана адистери үчүн «Аутизм. Аутисттик спектри бузулган балдар» деген семинар өтөт

April 23, 2014, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Балалык мектеби» программасынын алкагында Арабаев атындагы КМУ жана Аутист балдардын ата-энелеринин «Кол колдо» коомдук бирикмеси менен бирдикте 2014-жылдын 2-майында Сиздерди аутизм жөнүндө маалыматтык лекцияга чакырат, ал Арабаев атындагы КМУда өтөт, Раззаков көчөсү 51 А (Киев көчөсү менен кесилишет) (чоң конференц-зал). Кирүү акысыз.


Бүгүнкү күнгө карата, 68 баланын ичинен ар биринде аутизмдин тигил же бул белгилери бар экендиги илимий жактан далилденген. Апрель бою Бишкекте аутизм жөнүндө коомчулукка кеңири маалымдоо боюнча акциялар өтөт, алар Аутизм жөнүндө маалымдоонун дүйнөлүк күнүнө туш келтирилген.


Жеке балдар бакчалары аутизми бар балдарды жана алардын ата-энелерин колдоп жатканын билүү кубанычтуу. Алдыдагы лекция аутизм, анын формалары жөнүндө, аутист балдар менен иштөө ыкмалары жөнүндө көп нерсени билүүнүн, суроо берүүнүн жана жооп алуунун, кесиптештер менен иш тажрыйбасын алмашуунун дагы бир мүмкүнчүлүгү болуп калат.


Кошумча маалымат үчүн Асель Жакыпбековага кайрылууңуздарды өтүнөбүз (тел.: 660 382, 0772 800 376, asel.djakypbekova@gmail.com, www.roza.kg)


Кыскача маалымат:

Аутизм – бул өнүгүүнүн туруктуу бузулушу, ал жашоонун алгачкы үч жылынын ичинде байкалат жана неврологиялык бузулуунун натыйжасы болуп саналат, ал мээнин иштешине таасир этет.

Аутисттик спектрдин бузулушунун негизги өзгөчөлүктөрү болуп төмөнкүлөр саналат:

- баарлашуудагы кыйналуу;

- сүйлөөсүнүн өнүгүшүнүн бузулушу;

- сенсордук көйгөйлөр;

- стереотиптүү, бир түрдүү жүрүш-туруш;

- кабылдоонун жана интеллектуалдык өнүгүүнүн өзгөчөлүктөрү.

Аутизм адамда өмүр бою сакталат, бирок заманбап диагностиканын жана эрте коррекциялык жардамдын аркасында көп нерсеге жетишүүгө болот. Батышта заманбап эрте диагностиканын жана ыкчам коррекциялык кийлигишүүнүн аркасында балдардын 47%га чейинкиси 7 жашка карата социумда ийгиликтүү байыр алуу үчүн зарыл болгон социалдык маанилүү жөндөмдөргө ээ болот. Көптөгөн аутист балдар чоңоюп, жалпы билим берүүчү мектептерди, университеттерди аяктайт, иш табышат, үй-бүлө күтөт, көзкарандысыз өмүр сүрөт. Калган учурларда оорунун «жүгү» олуттуу төмөндөйт, мамлекетке жана үй-бүлөгө жүк азаят.




«Аутизм. Аутисттик спектри бузулган балдар»

семинарынын программасы (4 саат)


Тема Сөз сүйлөөчү убакыт
1

Аутизм. Дүйнөдө таралышы. Кыргызстандагы кырдаал.


Садыкова Жылдыз , Аутист балдардын ата-энелеринин «Кол колдо» коомдук бирикмесинин төрайымы 30 мүнөт
2

Аутизмдин белгилери. Сенсордук көйгөйлөр. Кабылдоонун жана өнүгүүнүн өзгөчөлүктөрү.


Шевченко Наталья, педиатр, психолог, Аутист балдардын ата-энелеринин «Кол колдо» коомдук бирикмесинин коррекциялык педагогу 1 саат
3

Колдонмо жүрүш-туруш талдоосу жүрүш-турушту коррекциялоонун натыйжалуу ыкмасы катары. РАСы бар балдардын мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүнө инклюзиясы.


Ольга Ярова, психологиянын магистри, АУЦА психология кафедрасынын улук окутуучусу, «Аутизмге жана АВА терапияга киришүү», «Өнүгүү психологиясы» курсун ж.б. өтөт. 1 саат
4

«Кол колдо» борборунда РАСы бар балдар менен иштөө тажрыйбасы. Ата-энелер мектеби. Тьютердин ролу.


Асаналиева Анара, аутизми бар балдарга жардам берүүнүн «Кол колдо» борборунун директору  1 саат
5

Суроолор. Жооптор.



30 мүнөт