«Музыка – элдин дили: Өзбекстан» концертине чакырабыз

April 22, 2014, 06:00

«Музыка – элдин дили: Өзбекстан»

концерт-презентациясы

 

 

2014-жылдын 10-майы (ишемби) 18.00дө

Кыргыз улуттук консерваториясынын чоң залында

(Жантөшев көчөсү 115, Совет көчөсү менен кесилиште).

 

Кирүү акысыз.

 

 

Кең-кесири маалымат төмөнкүдөй телефондор боюнча: 660 384, 0772 800 376, www.roza.kg, e-mail: asel.djakypbekova@roza.kg

 

Эске сала кетсек, «Музыка – элдин дили» программасын «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду ПРООНдун колдоосу жана «СТАрт» басма үйүнүн маалыматтык колдоосу аркасында Кыргызстан калкынын Ассамблеясы жана Кыргыз улуттук консерваториясы менен бирдикте уюштурган.

 

«Эми биз бир үй-бүлөдө – бир өлкөдө жашап жатабыз, андыктан бири-бирибизди жакшы түшүнүү, урматтоо үчүн биз бири-бирибиз жөнүндө – тилибиз, маданиятыбыз, салттарыбыз жөнүндө мүмкүн болушунча көбүрөөк маалыматты билүүгө тийишпиз. Бул ар бир этностун маданий дөөлөттөрүн сактоого жана арбытууга, Кыргызстан калкынын жалпы маданий кенчин байытууга мүмкүндүк берет», - деп айтты КР Экс-президенти жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун уюштуруучусу Роза Исаковна Отунбаева.

 

Программанын алкагында Кыргызстандын диаспораларынын музыкалык маданияты жөнүндө 11 концерт-лекцияны өткөрүү пландаштырылган, алар этностордун бийлерин көрсөтөт жана ырларын угузат, алардын келип чыгышынын тарыхы, бийдин сүрөтү, ырлардын текстинин котормосу, тигил же бул салттык мааниси жөнүндө айтып берет.