Бишкекте Балдар китебинин күнүн белгилешет

April 1, 2014, 06:00


Үн чыгарып китеп окуп берүү, өзгөчө балдарга окуп берүү – бул тарбиялоодогу эң маанилүү нерсе.

В. Астафьев



Жыл сайын 2-апрелде Балдар китебинин эл аралык күнү – Балдар китебинин маселелери боюнча профилдик эл аралык кеңештин чечими боюнча белгиленген майрам белгиленет.


Балдар китебинин эл аралык күнүн майрамдоо үчүн дата катары Ганс Христиан Андерсендин туулган күнү тандалган, ал көптөгөн муундагы балдардын эң сүйүктүү жомок айтуучуларынын бири болуп калды. Майрамдын негизги максаты балдарга китеп окуп берүүнү пропагандалоодо турат, ал адамды руханий жана интеллектуалдык жактан өнүктүрүүнүн натыйжалуу өбөлгөсү болуп саналат.


Азыркы балдардын жана өспүрүмдөрдүн арасында көп учурда китеп окуу – бул тажатма жана кызыксыз, телевизор көрүү же компьютердеги оюнду ойноо – алда канча кызыктуу иш деген пикир өкүм сүрөт. Бирок биздин турмушубузда китеп окуу – бул ийгиликке карай жолдордун бири экенин, ал өздөрүнүн тагдырына оң таасир эткенин далилдеген атактуу адамдардын мисалдары аз эмес. "Роза Отунбаеванын демилгеси" ЭКФнын "Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуп берет" долбоорунун алкагында өлкөбүздүн дал ушундай белгилүү жана ийгиликтүү адамдары менен жолугушуулар өтүп жатат.


2-апрелде – Балдар китебинин эл аралык күнүндө "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен бирдикте "КТРКнын жылдыздары бөбөктөргө китеп окуп берет" акциясын өткөрөт.


Бул долбоордун максаты – китеп окуу – бул ийгиликке карай жолдордун бири экенин көрсөтүү; инсанга карата кызыгуу аркылуу белгилүү адамдар бала кезинде окуган китептерге балдардын кызыгуусун туудуруу, балдарда дайым китеп окуу сеземин ойготуу. Анткени дал жандуу адабий сөздүн жаңырышы чындап эле чыгармага кызыгууну жаратып, китептерге жана бүтүндөй алганда китеп окууга зор кызыгууну пайда кыла алат.


Балдарда атактуу жердештери менен таанышууга, ошондой эле алар кайсы китептерди жакшы көрөөрүн билүүгө, даанышман кеңештерди жана сунуштарды угууга гана эмес, ошондой эле өз суроолорун берүүгө, өз пикирлери менен бөлүшүүгө кайталангыс мүмкүнчүлүк түзүлөт.


Бул күнү, 2-апрелде, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын төмөнкүдөй жылдыздары балдарга мейманга келет:


1. Оторбаев Кубат Табылдиевич - КР Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору - № 77 орто мектеп, 13-00


2. Иманалиев Кайрат - Башкы директордун радиоуктуруу боюнча орун басары "Ак-Өргө" жаңы конушунун №184 балдар бакчасы - 11-00


3. Сыдыкбекова Таалайкүл Арыповна - 11-00дө балдарды Айтматов атындагы китепканада күтөт


4. Түгөлбай Казаков - элдик композитор - М.Абдыраев атындагы музыкалык мектепте 11-00дө балдар менен жолугушат