Полиграфиялык компаниялардын арасында басылма продукциясын даярдоого тендер

March 28, 2014, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Кыргызстанда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу боюнча мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү» долбоорунун алкагында ООНдун Дүйнөлүк Азык-Түлүк Программасынын финансылык колдоосу менен полиграфиялык компаниялардын арасында басылма продукциясын даярдоого тендер жарыялайт.

 

Тендерге табыштамалар чапталган конвертте берилүүгө жана компания жөнүндө маалыматты (жабдуу, тажрыйба, персонал ж.б.), компаниянын иштеринин үлгүлөрүн (отчет, брошюра, буклет ж.б.), өнөктөрдөн рекомендацияларды, дизайнерлердин иштери бар алардын резюмесин, жетекчиликтин мөөрү жана колу бар коммерциялык сунушту камтууга тийиш.

 

«Басылма продукциясын даярдоого тендер» деген белгиси бар табыштамалар 2014-жылдын 7-апрелинде 17:00гө чейин төмөнкүдөй дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Чүй пр.,106, 108-кабинет (Тыныстанов көчөсү менен кесилиште, Экономика министрлигинин имараты).

 

Маалыматы толук эмес табыштама каралбайт.

 

Силер кошумча маалыматты muhovikova17@gmail.com электрондук почтасы боюнча же 66 03 84, 0555 812251 телефондору аркылуу ала аласыңар.