Пакистандын белгилүү жазуучусу жана журналисти Ахмед Рашид Борбордук Азия, Пакистан жана Афганистан регионундагы коопсуздук жана стабилдүүлүк маселелери боюнча лекцияларды өткөрөт

March 28, 2014, 06:00

«Discover Asia» долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун чакыруусу боюнча Пакистандын белгилүү жазуучусу жана журналисти Ахмед Рашид 2014-жылдын 29-мартынан 4-апрелине чейин Кыргызстанга келет жана ачык лекцияларды окуйт, ошондой эле Батыш аскерлери Афганистандан чыгарылышынын өңүтүндө Борбордук Азия, Пакистан жана Афганистан регионундагы коопсуздук жана стабилдүүлүк маселелери боюнча эксперттер менен жолугушууларды өткөрөт. Лекция 31-мартта 16:00дө Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университете болот (башкы корпус, 2-кабат, чоң жыйын залы).


Ахмед Рашид Малверн колледжин, Лахор мамлекеттик колледжин жана Кембридждеги (Улуу Британия) Фитцуильям колледжин бүтүргөн. Жыйырма жылдан ашык Daily Telegraph жана Far Eastern Economic Review Афганистандагы, Пакистандагы жана Борбордук Азиядагы кабарчысы болгон.


Азыркы учурда ал Wall Street Journal, The Nation үчүн жана илимий журналдар үчүн макалаларды жазат. CNN жана BBCWorld эфиринде дайыма чыгып турат. 2009- жана 2010-жылдары Ахмед Рашид «Foreign policy» журналынын 100 глобалдык ойчулдарынын тизмесине кирген. 2000-жылы «Талибан: Күжүрмөн Ислам, Нефть жана Борбордук Азиядагы фундаментализм» китебин жарыялаган, ал бестселлер болуп калды жана жалпы тиражы 1.5 миллиондон ашык нуска менен 22 тилге которулду. Автордун бардык китептери бир катар байгелерге татыктуу болду жана дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулду.


Ахмед Рашид ошондой эле Журналисттерди коргоо боюнча комитеттин (Нью-Йорк) курамында иштейт, «Human Rights Watch» уюмунда консультант болуп саналат жана беш жыл бою Кызыл Кресттин Эл аралык Комитетинин кеңешчилеринин курамына кирген.


«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргызстандын бардык коомдук ишмерлерин, эксперттерин жана илимий чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн, ошондой эле журналисттерди жана блоггерлерди алдыдагы лекцияларга чакырат.

 

Каттоо маселелери боюнча төмөнкүдөй телефондорго кайрылууну өтүнөбүз: +996 312 660368;. +996 555 151851; office@roza.kg