Бишкекте «Музыка – элдин дили: дунгандар» концерт-презентациясы өтөт

March 18, 2014, 06:00


23-мартта шаардыктарды жана борбордун меймандарын

«Музыка – элдин дили: дунгандар»,

концерт-презентациясына чакырабыз,

ал Кыргызстандын эң табышмактуу этносторунун бири – дунгандардын музикалык маданиятына арналган.

 

 

 

Концерт жекшембиде 23-мартта 15.00дө

К. Молодобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясынын чоң залында болот.

(дарек: Жантөшев көчөсү 115, Совет көчөсү менен кесилиште).


Эшик ачык.

 

 

 

 

«Музыка – элдин дили» программасынын алкагында мурда корей, украин, казак элдеринин музыкалык маданиятына арналган концерт-презентациялар, ошондой эле Түндүк Кавказ элдеринин музыкалык маданияты жөнүндө концерт-презентация өткөн.

 

Дунган этносунун – бай жана ажайып маданияты – эбегейсиз зор бир катар музыкалык аспаптары, кооз бийлери, түркүн түстүү салттуу кийимдери, чач өрүүлөрү жана, албетте, даамдуу ашканасы бар. Дунгандардын бардык ушул ар түрдүү маданияты менен силер алдыдагы 23-марттагы саат 15.00дөгү концертте тааныша аласыңар.

 

Концертти уюштуруучулар – ПРООНдун жана «СТАрт» полиграфиялык комплексинин колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана Кыргызстан калкынын Ассамблеясы.

 

Web: www.roza.kg, e-mail: asel.djakypbekova@gmail.com

Маалымат үчүн телефондор: 660 382, 0772 800 376