Экинчи «Билим берүү» фестивалынын алкагында 2014-жылдын 27-апрелинде Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн көргөзмөсүнө катышуу боюнча уникалдуу сунуш

March 17, 2014, 06:00


Көргөзмө-ярмарканы өткөрүү орду жана датасы:

Бишкек шаары, Эски аянт, 2014-жылдын 27-апрели, 10.00дөн 18.00гө чейин.




Урматтуу өнөктөр,



«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарында 2-Билим берүү фестивалын (2014-жылдын 26-27-апрели) өткөрүү жөнүндө билдирүүгө куштар, анын алкагында 2014-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын борборунун Эски аянтында Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн көргөзмө-ярмаркасы өтөт.


Биз балдар мекемелерин, билим берүү курстарын, жогорку окуу жайларын (ЖОЖдорду), балдар үчүн өнүктүрүүчү оюндар, оюнчуктар, кийимдер жана башка товарлар сатылуучу балдар дүкөндөрүн катышууга чакырабыз.


Эксклюзивдик көргөзмө-ярмарка – бул билим берүү индустриясынын кесипкөйлөрү, балдар мекемелери үчүн товар өндүрүүчүлөр, ал эми эң башкысы – потенциалдуу Кардарлар – балдар жана кыздар, ошондой эле алардын ата-энелери үчүн уникалдуу иш аянтчасы. Дал ушул жерде алар балдар үчүн бардык билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө биле алышат. Көргөзмөгө катышуу Сиздин компанияңыз үчүн мыкты реклама болуп калат жана жаңы окуу жылында көбүрөөк кардарларды тартууга мүмкүндүк берет!



Көргөзмө-ярмаркага катышуу жөнүндө:


Бир «Офисти» мүмкүн болгон ижарага алуу: наркы 4000 сом болгон 1 чатыр, 2 стол, 2 стул. Чатырдын өлчөмү: 2х3 чарчы метр.


Көргөзмө-ярмаркадагы Сиздин Офисиңиз бул:

- Көргөзмөнүн меймандары менен баарлашуу үчүн, Өз компанияңыздын товарларын/кызмат көрсөтүүлөрүн презентациялоо үчүн өзүнчө жумуш орду, рекламалык жана промо продукцияны таратуу үчүн мүмкүнчүлүк;

- Көргөзмөгө интерактивдүү катышуу мүмкүнчүлүгү - мастер-класстарды уюштуруу;

- Сиздин компания жөнүндө маалыматты Фестивалдын Каталогуна, «Көргөзмө» бөлүмүнө жайгаштыруу (компаниянын логосу, аталышы, товарлардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн кыскача сыпаттамасы – 8 сөз, дарек, телефон, сайт);

- Көргөзмөнүн алкагында катышуучулар өз уюмун жана билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн/товарларын презентациялоону өткөрө алат.


Ошондой эле «Офистин жарымын: 2000 сомдук нарк боюнча 1 столду, 1 стулду ижарага алууга болот.


- Көргөзмөнүн меймандары менен баарлашуу, Өз компанияңыздын товарларын/кызмат көрсөтүүлөрүн презентациялоо үчүн өзүнчө жумуш орду, рекламалык продукцияны таратуу;

- Көргөзмөгө интерактивдүү катышуу мүмкүнчүлүгү - мастер-класстарды уюштуруу;

- Сиздин компания жөнүндө маалыматты Фестивалдын Каталогуна, «Көргөзмө» бөлүмүнө жайгаштыруу (компаниянын логосу, аталышы, товарлардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн кыскача сыпаттамасы – 8 сөз, дарек, телефон, сайт);

- Көргөзмөнүн алкагында катышуучулар өз уюмун жана билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн/товарларын презентациялоону өткөрө алат.


Көргөзмө-ярмарканын планы өзүнчө суроо-талап боюнча жөнөтүлөт.


Кошумча опциялар:


Көргөзмөнүн меймандарынын ортосунда ойнотуу үчүн Сиздин компаниядан бейге берүү (белек сертификаты, белек же сувенир, жеңилдик берүүгө сертификат).


Модулдарды, компания жөнүндө маалыматтарды Көргөзмөнүн каталогуна жайгаштыруу:


• Компаниянын түстүү логотиби 3х2 (см.), компания жөнүндө 8 сөз – 1500 сом,

• рекламалык модуль – 1 бет – 4000 сом,

• рекламалык модуль – 0,5 бет – 2000 сом,

• каталогдогу биринчи барак – 8000 сом.

Каталогдун форматы: А5, толук түстүү басылма.


* Көңүл буруңуздар! Эгерде Сиздин ишиңиз жана/же товарыңыз лицензияланууга тийиш болсо, маалыматта лицензиянын номери, ошондой эле бул лицензияны берген органдын аталышы көрсөтүлүүгө тийиш. Милдеттүү түрдө лицензияланууга тийиш болгон товарлардын рекламасы «милдеттүү түрдө лицензияланууга тийиш» деген белги менен коштолууга тийиш. Лицензиялардын жана сертификаттардын тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү каталогдогу маалымат менен бирге уюштуруучунун дарегине жөнөтүлөт.


Мүмкүн болгон бардык суроолор боюнча Капарбек кызы Каныкейге кайрылыңыздар.
Тел : 0555-006-003
E-mail: kaparbekovna@gmail.com


Шашылыңыздар, орундардын саны чектелүү!!!