«Ата-энелер – балдар: чыр-чатакты кантип башкаруу керек!» лекциясына жана тренингине чакыруу

February 28, 2014, 06:00


2014-жылдын 6-7-мартында 

 

Арабаев атындагы КМУ, Раззаков көчөсү 51 А (Киев көчөсү менен кесилиште)

(чоң зал) 

 

Лектор/тренер – Кудиярова Анна Мергенбаевна, 

 

психологиялык талдоочу, PhD, Психологиялык талдоо институтунун директору,

Алматы шаары, Казакстан Республикасы.

 

 

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду психология жана педагогика боюнча кафедралардын окутуучуларын, психолог-практиктерди, мектептердин жана мектепке чейинки уюмдардын педагогдорун, социалдык кызматкерлерди жана өзгөчө ата-энелерди психикалык талдоонун негиздери боюнча лекцияга жана тренингге чакырат.

 

 

ПСИХОЛОГИЯЛЫК ТАЛДОО АРКЫЛУУ ДЕН СООЛУККА ЖАНА БАКТЫГА КАРАЙ!

 

Бардыгынын эле балдары боло бербегени менен, бирок бардыгынын ата-энелери бар. Ар бир төрөлгөн адам бала болгон жана бала бойдон кала берет, демек, аталар менен уулдардын ортосундагы, апалар менен кыздардын ортосундагы өз ара мамилелерди өркүндөтүү зарылчылыгы дайыма бар.

 

Психологиялык талдоочулар жүрөктү өйүгөн көйгөйлөрдү чечүүдө жардам сурап кайрылган бардык адамдар менен иштейт. Көзү тирүү адамдын жүрөгү оорубай койбойт. Психологиялык талдоочу түзүлгөн кырдаалга мамилени өзгөртүүгө, көйгөйгө башка өңүттөн кароого, кризистен чыгуунун бир нече варианттарын табууга жардам берет. Өткөндөрдү алмаштыруу мүмкүн болбогон күндө да, ага карата мамилени психологиялык талдоо тренингдеринде алмаштырууга болот.

 

Өз ички дүйнөңдү аңдап-түшүнүп, тренингде чыр-чатактарды чечүүнүн ар кандай ыкмаларына жана техникаларына ээ болуп, өз алдынча талдоонун негиздерин бекемдеп, силер үй-бүлөлүк бейпилдикти жолго коюп, өз балдарыңар жана ата-энелериңер менен, жубайларыңар жана туугандарыңар менен, досторуңар жана кесиптештериңер менен өз ара түшүнүшүүнү чыңдай аласыңар.

 

Психосоматикалык ооруларды (психологиялык тукумсуздук, онкологиялык дарт, коркуу, көз карандылык) аңдап-түшүнүү бул тренингдин маанилүү курамы болуп саналат.

 

 

Лекциянын максаттары:

 

- базалык психологиялык талдоо билимдерин пропагандалоо, балдар-ата-энелер карама-каршылыктарынын келип чыгышынын негиздери жөнүндө угуучуларга маалымат берүү, бул үй-бүлөдө, балдар бакчасында жана мектепте чыр-чатактуу кырдаалдарды чечүүнүн иштиктүү жолдорун табууга мүмкүндүк берет;

- ата-энелерди (адамдар ортосундагы, адамдын ичиндеги) чыр-чатакты ийгиликтүү чечүү ыкмаларына үйрөтүү,

- балдар травмаларынын жана чыр-чатактарынын эң алгачкы типтерин сүрөттөө, бул балдардын жана чоң кишилердин психикалык ден соолугунун кемчиликтерин жана бузулуусун табууга жана алдын алууга мүмкүндүк берет.

 

Тренингдин милдеттери:

 

- үй-бүлөдө, иште чыр-чатактуу кырдаалдарда чечим табуу ыкмаларына үйрөтүү;

- катышуучуларга чыр-чатактуу кырдаалдарды калыс баалоого үйрөнүүгө жардам берүү;

- катышуучуларга өзүнүн жүрүш-турушун чыр-чатакты азайтуу (жекече-эмоциялык чөйрөдө чыр-чатакты жоюу) жагына оңдоого жардам берүү;

- эчактан берки (чечилбеген) таарынычтардан, психосоматикалык дарттан психотерапевттик арылуу;

- конкреттүү жамаатты баш коштуруу, командалык эриш-аркак аракеттенүү ыкмаларын жана жөндөмдөрүн өнүктүрүү.

 

ПРОГРАММА

 

6/03, бейшемби

 

10.00-11.30 - «Ата-энелер жана балдар үчүн психологиялык талдоо» лекциясы:

12.00–13.30 – «Чыр-чатакты башкаруу, демек, дени сак болуу!» тренингинин киришүү бөлүгү.

13.30 – 15.00 – Түшкү тамак.

15.00 - 18.00 – «Чыр-чатакты башкаруу, демек, дени сак болуу!» тренингинин негизги бөлүгү.

 

7/03, жума

 

10.00 - 18.00 – «Чыр-чатакты башкаруу, демек, дени сак болуу!» тренинги.

 

Тренингге катышуунун наркы – 1500 сом, лекцияга – 300 сом.

 

Тренингге орундар чектелүү экенине көңү бурууну өтүнөбүз, буга байланыштуу күн мурунтан жазылууну өтүнөбүз.

 

Биздин дарек: Арабаев атындагы КМУ, Раззаков көчөсү 51 А – Надежда Хамидовна Муратова, тел.: 556 180 323 же «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду, Чүй проспекти 106, 108-каб. АсельДжакыпбекова.