2014-жылдагы экинчи «Мекендештер» форумунда кызматташууга жана ага катышууга чакыруу

February 28, 2014, 06:00



Урматтуу мекендештер!



2014-жылдын «Мекендештер» 2-форумуна даярдык толук жүрүп жатат. Биз 2012-жылдын 2-3-августунда биринчи «Мекендештер» форумун өткөргөндөн бери дээрлик эки жыл өттү. Ал учурда Форумга 20 өлкөдө жашаган 300 мекендеш кыргызстандыктар чогулган. Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн жетекчилери, министрлер жана ведомстволордун жетекчилери, жеке сектордун жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен тикелей диалог болуп өткөн. Форум идеялардын, долбоорлордун оргуштап чыгышына, жигердүү жарандык позициялардын пайда болушуна, ошондой эле мекендештердин жакындашуусуна жана жумушчу байланыштардын түзүлүшүнө өзүнчө түрдөгү кубаттуу түрткү болгон.


Бүгүн 2014-жылдын «Мекендештер» Форумунун Уюштуруу комитети (бул жерде жана мындан аркы документтерде 2014МФ же 14МФ) 25-27-июлда Бишкек шаарында өтө турган экинчи конференцияны даярдоонун майдабараттары жөнүндө билдирет. Силерди иш-чараларга жык толгон «Мекендештер Форуму 2014: Кыргызстандын келечегине салым» саммит- конференциясы күтүп турат, ал баарлашуу, тажрыйбаны жана идеяларды алмашуу, ошондой эле мекендештерибизди өз ара жана чечим кабыл алуучу адамдар (ЧКА), интеллектуалдык жана чыгармачыл адамдар, Кыргыз Республикасындагы ресурстар жана платформалар менен бириктирүү үчүн аянтча болуп саналат, алар биздин мекендештерибиз сунуш кылып жаткан демилгелер менен мыкты тажрыйбаны турмушка ашырууга көмөктөшө алат.


Силердин ар бириңерди экинчи Форумду даярдоо процессине жана Кыргызстанды өнүктүрүү жөнүндө дискурстарды калыптандырууга катышууга чакырабыз. Бул иште биз форумдун күн тартибин жана долбоорлорду биргелешип түзүү үчүн силер менен кат алышып турууга ниеттенебиз. Чет өлкөлөрдөгү жашоо-тиричилик жагынан өз тажрыйбаңар, өз өлкөбүздүн гүлдөп-өнүгүшү үчүн мекендештерибиз менен бөлүшкүңүз келген өз идеяларыңар жана долбоорлор, know-how жөнүндө бизге айтып бергиле.


Тиркемелерден силер конференциянын алдын ала программасын, конференцияга көз салуу үчүн же докладчы, блоггер, социалдык тармактар үчүн медиатор, көргөзмө презентациясын уюштуруучу, «печа-куча» презентациясынын автору, долбоордун автору катарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтары үчүн алда канча кызыктуу маселелерди калыптандырган форумдун катышуучусу катары конференцияга тикелей катышуу үчүн каттоо төгүмү жөнүндө маалыматты таба аласыз.


Кеңири көргөзмө иш-чараларды жүргүзүү жана Форумдун катышуучулары визиткаларды, тажрыйбаны алмашуу, ошондой эле кызматташтык жана бизнес жүргүзүү боюнча потенциалдуу өнөктөрдү табуу мүмкүнчүлүгүн ала турган аянтчалар 14МФнын жаңылыктарынын бири болуп саналат.


Силердин көз карашыңар, ноу-хау, тажрыйбаңар, жаңы идеяларыңар жана аларды турмушка ашыруу үчүн пландарыңар бизге өтө маанилүү. Силерден тиркелген каттоо формаларын толтурууну, ошондой эле вебсайтты иштеп чыгуу боюнча жана 14МФ конференциясын даярдоонун башка маселелери боюнча прогрессти www.forum.roza.kg шилтемеси боюнча дайыма текшерип турууну өтүнөбүз.


КӨҢҮЛ БУРГУЛА! Биз мекендештерибиздин тармагы өсүшүнө силер көмөк көрсөтөсүңөр деп өтүнөбүз. Бул чакыруу катты өз досторуңарга жана туугандарыңарга, кесиптештериңерге жана коңшуларыңарга жөнөткүлө. Алардын электрондук даректерин биздин таратууларыбызга жан дилибиз менен кошобуз. Бардык маселелер боюнча уюштуруу комитетинин төмөнкү мүчөлөрүнө: Жамиля Жеенбаевага, Эльвира Боромбаевага, Талгат Жакбаевге, Джамиля Биялиновага forum@roza.kg дареги боюнча же +996 312 89 14 78 телефону боюнча кайрылгыла.


Силерди «Мекендештер» 2014 Форумунун катышуучуларынын арасынан көрөбүз деп үмүттөнөбүз.


"Мекендештер Форуму 2014: Кыргызстандын келечегине салым» саммит- конференциясынын алдын ала программасы" дегенден көчүрүп алууга болот.

"Катоо формасы " дегенден көчүрүп алууга болот.




Күнөстүү Бишкектен ысык саламыбыз менен, 

«2014МФнын» уюштуруу комитети