Эртең «Өткөн кылымдын куурчактары» көргөзмөсүнүн ачылышы болот

February 26, 2014, 06:00


2014-жылдын 27-мартында 15.00дө  

Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде  

«Өткөн кылымдын куурчактары» куурчак көргөзмөсүнүн ачылышы болот.


 

 

Бир нече жүздөгөн жылдардан бери дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарында жана өлкөлөрүндө балдар куурчактар менен ойноп келет. Куурчактар кыздардын өнүгүшүндө зор мааниге ээ, аларга эненин, эженин ролун аткарып көрүү мүмкүнчүлүгүн берет, акыл-эсин жана жөндөмдөрүн өнүктүрөт.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду уюштурган бул көргөзмө алдыдагы 8-мартка – айымдар күнүнө, Японияда салт катары майрамдалуучу кыздар күнүнө туш келтирилген жана балдарды тарбиялоодо оюнчуктардын жана, атап айтканда, куурчактардын маанилүү экенине көңүл буруу мүмкүндүгүн берет.

 

Көргөзмө ар кандай өлкөлөрдүн жана ар кандай доорлордун куурчактары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн түзөт. Бишкектин коллекционерлери Вороникова Татьянанын, Мамбеталиева Зоянын, Тапаева Мадинанын, Джумагулова Эркенин, Мартыненко Людмиланын жеке коллекцияларынан 80ге жакын куурчак сунуш кылынган.

 

Сиз кошумча маалыматты 66-03-82, 0772 800 376 телефондору боюнча ала аласыз.