1-мартта Аялдардын эл аралык күнүнө – 8-Мартка арналган поэзия кечеси өтөт

February 26, 2014, 06:00



1-мартта 13-30да

КТРКнын концерттик студиясында

Аялдардын эл аралык күнүнө –

8-Мартка арналган поэзия кечеси өтөт.



Быйылкы жылы ал төртүнчү жолу өтөт жана Кыргызстандын таланттуу жаш акындарынын чыгармачылыгына арналат.

 

Иш-чара жаш акындардын чыгармачылыгын колдоого, элдин маданий жана руханий дөөлөттөрүн алга илгерилетүүгө жана пропагандалоого, поэзия аркылуу биздин айымдардын масштабын жана тереңдигин, руханий эркиндигин жана күчүн баалай алышы үчүн чыныгы поэзияга кызыгууну ойготууга багытталган.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун бүткүл ишмердиги билим берүүнү, маданиятты өнүктүрүүнү, аялдарды жана жаштарды колдоону, ошондой эле бардык жерлерде көп маданияттуу аянтчаларды түзүүнү көздөйт. Бул демилгелердин ар бири Кыргызстан калкынын интеллектуалдык потенциалын түзүүгө, өнүктүрүүгө багытталган.

 

Сиз кошумча маалыматты 66-03-82, 0555 006-003 телефондору же office@roza.kg, kaparbekovna@gmail.com электрондук даректери аркылуу ала аласыз.