Таламдаш компанияларды социалдык видеороликтерди чыгаруу боюнча сунуштарды берүүгө чакырабыз

February 26, 2014, 06:00



«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду

ООН ВППнын «КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу» программасынын

алкагында таламдаш компанияларды 30 секундалык үч социалдык видеороликти  чыгаруу

боюнча сунуштарды берүүгө  чакырат.



Аткаруучу балдарды толук өнүктүрүү таламында мектеп тамак-ашын жакшыртуунун жалпы идеясы менен бириккен үч социалдык видео роликти тартууга тийиш. Социалдык видеонун сериясы ар биринин хронометражы 30 секундага чейин болгон, төмөнкүдөй тематикага жана милдеттерге жооп берген үч видеороликтен турат:


1) Мектеп тамак-ашы – бул маанилүү;

2) Биз мектеп тамак-ашын колдойбуз;

3) Биз таза тамак-аш болушун каалайбыз.


Иштин күтүлгөн башталышы – 2014-жылдын 16-марты, жасоо мөөнөтү 20 күн.


Таламдаш уюмдардан ар бир роликти жасоого жазуу жүзүндөгү табыштаманы, концепцияны, кең-кесири бюджетти берүү талап кылынат.


Бардык табыштамаларды 2014-жылдын 14-мартына, 16.00гө чейин төмөнкүдөй электрондук даректерге жөнөтүүнү өтүнөбүз: office@roza.kg жана roza.kaiykova@mail.ru.


Кошумча маалыматты жана бюджеттин форматын http://www.roza.kg сайтынан жана (+996) 312 660384/660382, 0555773750, 0555812251 телефондору боюнча алууга болот.


Тандап алынган катышуучулар гана маектешүүгө чакырылат.


"Техническое задание" дегенден көчүрүп алууга болот.