Ар аптада жума күндөрү «Биринчи радионун» эфиринен «Гений» берүүсүн уккула

February 25, 2014, 06:00


«Гений» берүүсү – бул «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун жана Коомдук телерадиокорпорациянын биргелешкен долбоору, анын максаты – үй-бүлөдө китеп окуунун маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун ата-энелерге, чоң энелерге жана чоң аталарга, педагогдорго жана бүткүл коомго түшүндүрүү.

 

 

“Гений” берүүсү – бул китепти кантип туура окуу, балдарга китеп окуп жаткан учурда кандай шарттарга көңүл буруу керектиги жөнүндө эксперттерден кеңеш алуунун кайталангыс мүмкүнчүлүгү, ошондой эле Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүүнү уюштуруу маселелери да көңүл буруусуз калбайт.

 

 

Жаңы берүүнүн урааны:“Ар бир бала гений боло алат”. Мектепке чейинки балалык кезде түптөлгөн билим, дүйнө таануу, адептик, маданий жана дене бой артыкчылыктары муундардын турмуш жолун аныктайт, бүткүл цивилизациянын өнүгүшүнө жана абалына таасир этет. Дал кенже куракта баланын ички дүйнөсүнүн калыптанышына, анда түзүүчүлүк көрөңгүнү калыптандырууга көп көңүл буруу керек. Бул иште өзгөчө түрдөгү баалуулук болуп китеп окуу саналат, анткени китеп менен баарлашуу процессинде адам дүйнөнүн өткөндөгүсүн, учурдагысын жана келечегин аңдап-түшүнүп гана тим болбостон, ошондой эле ойлонууга, талдай билүүгө үйрөнөт, чыгармачылык жактан өнүгөт, ошентип, анын инсанынын адептик жана маданий негизи калыптанат.

 

 

 

Бизди ар бир аптада жума күндөрү 13-30да

«Биринчи радиодо» 104,1 FM жыштыгында уккула.

 

 

Мындан тышкары, айрым материалдар «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун www.roza.kg сайтында, ошондой эле «Кут Билим» жана «Шоокум» басылмаларында жарыяланат.

 


Радиоберүүнүн аталышы: Гений

Эфирге чыгуу: бир аптада бир жолу

Эфирге чыгуу күнү: түз эфир жума күнү 13.30-14.00дө

Автор, модератор: Асылбек Жоодонбеков (кыргыз тилинде) жана Гульзада Медералиева (орус тилинде)


Эфирге чыгуу датасыБерүүнүн темасы

28.02.2014 

Мектепке чейинки курактагы балдар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү жана келечектери
14.03.2014Балдар үчүн окутуунун ар күндөгү сааттарын уюштуруунун маанилүүлүгү
28.03.2014Бардарга китеп окуп жаткан учурда көңүл буруу керек болгон шарттар (үн, убакыт, жарык, системалуулук, узактык, принциптер)
11.04.2014Кенже курактагы балдар жана IT технологиялар
25.04.2014Мектепке чейинки курактагы балдардын тамак-ашынын сапаты. Мектепке чейинки курактагы балдарды тазалыкты сактоонун негизги эрежелерине үйрөтүү шарттары
09.05.2014Тажрыйбанын негизинде китепканалардын жана ата-энелердин байланышы
23.05.2014

Балдар бакчасынын жана ата-энелердин кызматташтыгы (терс жана оң кейстер)

06.06.2014Балдар бакчаларынын жетишсиздигинин шартында мектепке чейинки мекемелердин альтернативдүү формаларын ишке киргизүү
20.06.2014Бир үй-бүлөнүн мисалында китеп окуу тажрыйбасы
04.07.2014Балдарга китеп окуунун дүйнөлүк тажрыйбасынын мисалдары (кейстер)
11.07.2014Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар, ата-энелер жана мамлекет
18.07.2014

 Чоң аталарды жана чоң энелерди тарбиялоо, эске алуу зарыл болгон шарттар