2014-жылдын 24-февралынан тартып 28-февралына чейин Кыргызстанга россиялык эксперт Жанна Антоновна Зайончковская келет

February 18, 2014, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун чакыруусу боюнча Кыргызстанга мурдагы СССРдин жана Россиянын калкынын миграциясы, отурукташтыруунун жана эмгек рыногунун көйгөйлөрү боюнча көрүнүктүү россиялык адис Жанна Антоновна Зайончковская келет.


25-февралда 16:30да Парк Отелде Ж.Зайончковская «Россиядагы кыргыз мигранттарынын абалы: аны кантип жакшыртууга болот?» деген темадагы лекцияны, 27-февралда 16:00дө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында «Миграция чөйрөсүндө Россиянын жана Кыргызстандын өнөктөштүгү» деген темадагы лекцияны окуйт. 26-февралда Ж.Зайончковская «Биринчи радионун» түз эфиринде сөз сүйлөйт.

 

Маалымат:


Жанна Антоновна Зайончковская


Россия Илимдер Академиясынын Эл чарбасын болжолдоо институтунун калктын миграциясын талдоо жана болжолдоо лабораториясынын башчысы, РФнын Федералдык миграция кызматынын Илимий жана Коомдук кеңештеринин мүчөсү. 1961-жылы Москва мамлекеттик университетин бүтүргөн, географиялык илимдердин кандидаты. Новосибирск Академиялык шаарчасында Экономика жана өнөр жай өндүрүшүн уюштуруу институтунда 6 жыл иштеген, СССР Мампланга караштуу Өндүргүч күчтөрдү изилдөө боюнча кеңештин эмгек ресурстар секторуна 10 жыл бою башчылык кылган.


15тен ашык китептин жана көп сандаган макалалардын автору, анын ичинде соңку учурда – РСМД 2013-жылы басып чыгарган, 3 томдон турган «Россиядагы миграция. 2000-2012.» хрестоматиясынын жооптуу редактору.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду бардык коомдук ишмерлерди, эксперттерди жана Кыргызстандын илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрүн, ошондой эле журналисттерди жана блоггерлерди алдыдагы лекцияларга чакырат.


Каттоо маселелери боюнча төмөнкүдөй телефон боюнча кайрылууну өтүнөбүз: +996 312 660368;

+996 554 979714; office@roza.kg