БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЭКИНЧИ ФЕСТИВАЛЫ (Апрель, 2014-ж.)

February 14, 2014, 06:00

Биз кайрадан Билим берүү фестивалын өткөрүүгө даярданып жатабыз жана бул биздин элибиздин жакшы салты болуп калышын каалайбыз.

 

Өлкөбүздүн техникалык адистерге өтө муктаждыгына таянып, Билим берүүнүн экинчи фестивалы балдар менен жаштардын илимий-техникалык чыгармачылыгын жана Кыргызстандагы маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө инженердик, кесиптик-техникалык билим алуу мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө көңүл бурат. Ошондой эле биологиялык-өсүмдүк ар түрдүүлүгү чөйрөсүндөгү илим жана билим берүү системасын алга илгерилетүүгө жана салттуу экологиялык билимдерди жайылтууга көңүл бурулат.

 

Биздин Фестиваль – бул эки күндүк шаардык иш-чара, анын төмөнкүдөй ар кыл интерактивдүү аянттары/класстары бар: “ Билимбектин лабораториясы”, “Бардыгы үчүн билим”, “Спорттук класс”, “Концерттик-театралдык класс”, “Жомоктор дүйнөсү”, “Көргөзмө-ярмарка жана Чеберлер шаары”.

 

Фестивалдын биринчи күнү быйылкы жылы өзүнүн 60 жылдык мааракесин белгилеп жаткан И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин (КМТУ) имаратында жана аянтында өтөт.

 

Экинчи күн, 2013-жылдагыдай эле, Бишкек шаарынын ортосунда (Эски аянт, «Эмен паркы» галереясы, Мамлекеттик тарых музейи, «Сейтек» улуттук балдар жана өспүрүмдөр борбору өтөт.

 

Биз силердин кызыктуу долбооруңар жана сунуштарыңар үчүн ачыкпыз!

 

Бизге төмөнкү дарекке жазгыла: bilimfest2@roza.kg жана office@roza.kg