«Музыка – элдин дили: Казакстан» презентация-концертинин Пресс-релизи

February 12, 2014, 06:00

«Музыка – элдин дили: Казакстан»
презентация-концертинин



2014-жылдын 21-февралы

Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы

Концерт 18.00дө башталат



Көрүүчүлөр байыркы музыкалык аспаптардын – кобыздын жана жетигендин үнүн уга алат, ал Кыргызстанда биринчи жолу жаңырат.


Презентация-концерттин программасы көрүүчүлөргө казак элинин музыкалык маданиятынын төкмө акындардын айтышы, аспап мелодиялары – күү сыяктуу алда канча көрүнүктүү элементтерин көрсөтөт.


Казак жана кыргыз элдеринин жакын маданияттары ажыралгыс болуп байланышкан, бири-бирине кылымдар бою дем берип жана өз ара байытып келатат. Бул концертте да Кыргызстан жана Казакстан акындарынын айтыштарынын – салтка айланган жана көпчүлүк сүйгөн өнөрүнүн фрагменттери камтылган.


«Музыка – элдин дили» музыкалык-билим берүү программасы Кыргызстандагы диаспоранын музыкалык маданиятына арналган 11 презентация-концерттен турган серияны сунуш кылат. Казак музыкалык маданиятына арналган концерт презентация-концерттердин сериясында эсеби боюнча төртүнчү болуп калат. Мурдагы концерттер корей музыкалык маданиятына, Түндүк Кавказ элдеринин музыкасына, украин элинин музыкалык маданиятына арналган эле.


Уюштуруучулар – «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду, Кыргызстан калкынын Ассамблеясы жана Кыргыз улуттук консерваториясы.


Концерт Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын чоң залында өтөт.


18.00дө башталат.


Кирүү акысыз.


Маалымдамалар жана кошумча маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 660 384, 0772 800 376 (Асель Джакыпбекова, программанын координатору), e-mail: asel.djakypbekova@gmail.com, web: www.roza.kg